Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Баткен облусуБаткен району 03.12.2018 11:04

Баткенде 53 балага акчалай жардам берилди (фото)

Turmush -  Бүгүн, 3-декабрда Баткен районунда ата-энесинен ажырап калган балдарга акчалай жардамдар көрсөтүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга акимчиликтен билдиришти.

Маалыматка караганда, жардам Бүткүл Дүйнөлүк Жаштар Ассамблеясы тарабынан уюштурулду. Документтери мурда тапшырылып, акчалары топтолуп калган балдардын алды 10-12 миң сомдон, арты 4 миң сомдон алышты. Жалпы 53 балага көмөк көрсөтүлдү.

Мындай аракеттер жыл сайын уюштурулуп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×