Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Баткен облусуЛейлек району 02.12.2018 11:05 На русском

Видео: Лейлекте оодарылган унаадан төгүлгөн күйүүчү майды жашоочулар канистрлеп чогултушту

Turmush -  Лейлек районунун тургундары бензин ташуучу унаадан төгүлгөн күйүүчү-майлоочу майды канистрлер менен чогултушту. Ага күбө болгондор видеотасмага тартып алышкан.

Буга чейин маалымдалгандай, 30-ноябрда саат 16:30 чамасында Лейлек районунун Исфана шаарында солярка ташып бара жаткан чоң унаа оодарылып кеткен.

ӨКМдин Лейлек райондук бөлүмүнүн башчысы Темирбай Айтбаевдин айтымында, Исфана шаарынан Арка айылына кетчү жолдо унаанын токтоткучу иштебей калгандыктан айдоочу О.Б. башкарууну жоготкон. Унаада 35 тонна солярка болгон. Анын 3/1 бөлүгү төгүлүп калды. Бактыга жараша адамдар жабыркаган жок.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×