Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Баткен облусуЛейлек району 30.11.2018 17:51 На русском

Лейлекте 35 тонна солярка ташып бара жаткан унаа ала салып кетти (фото)

Turmush -  Бүгүн, 30-ноябрда Лейлек районунун Исфана шаарында солярка ташып бара жаткан чоң унаа оодарылып кетти.

ӨКМдин Лейлек райондук бөлүмүнүн башчысы Темирбай Айтбаевдин айтымында, Исфана шаарынан Арка айылына кетчү жолдо унаанын токтоткучу иштебей калгандыктан айдоочу О.Б. башкарууну жоготкон. Унаада 35 тонна солярка болгон. Анын 3/1 бөлүгү төгүлүп калды. Азыр бир жүктөгүч жана өрт өчүрүүчү бир унаа келип, жардам көрсөтүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×