Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Баткен облусуКадамжай району 30.11.2018 16:58

Кадамжайда айыл чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

Turmush -  Бүгүн, 30-ноябрда Кадамжай районунда айыл чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди. Бул тууралуу акимчиликтен билдиришти.

Маалым болгондой, салтанатка айыл чарба тамак-аш менен камсыздоо жана мелиорация министрлигинин статс катчысы Максатбек Ташболотов, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев, Кадамжай районунун акими Жаныбек Исаков баш болгон жергиликтүү жетекчилер, мекеме-ишканалардын кызматкерлери жана жергиликтүү эл катышты.

Иш-чара концерттик программалар менен коштолуп, айыл чарба жармаңкеси уюштурулду. Анда мал-жандыктар, мөмө-жемиштер, эт, сүт азыктары көргөзмөгө коюлуп, жергиликтүү элге арзан баада сатылды.

Салтанаттын соңунда айыл чарба тармагында өзүнүн ишмердүүлүгүн көрсөткөн жарандарга, айыл чарба кызматкерлерине министрликтин төш белгиси жана ардак грамоталар тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×