Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Баткен облусуЛейлек району 30.11.2018 16:00

Лейлектеги чек арадан 500 миң сомдук тамекилерди мыйзамсыз алып өтүп жаткан жигит кармалды

Turmush -  Кечээ, 29-ноябрда кыргыз-тажик чек арасынын Лейлек районундагы тилкесинен жалпы баасы 500 миң сомдук тамекилерди аткезчилик жол менен алып өтүүгө аракет кылган адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын 1993-жылы туулган тургуну М.А. Лейлек районунун Булак-Башы аймагынан кармалды. Ал «Хонда-Одиссей» унаасы менен чек ара бекетинен башка жерден тамекилерди Кыргызстанга алып өтүүгө аракет кылган. Аткезчилик жүктүн жалпы баасы 500 миң сомду түзгөн. Анын жанында жүккө тиешелүү документтер жок болуп чыкты.

Кармалган жигит УКМК кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×