Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Баткен облусуКадамжай району 30.11.2018 15:39 На русском

Кадамжайдын 3 айылындагы окуучулар 6-7 км алыстагы мектепке жөө катташат (видео)

Turmush -  Кадамжай районунун Көтөрмө айыл аймагында жайгашкан Курулуш, Ак-Терек жана Чарбак айылындагы окуучулар көп жылдардан бери 6-7 чакырым алыстагы мектепке жөө катташат. Окуучулар учурда Кызыл-Булак айылындагы №-4 Көксал-Топтан атындагы орто мектебине билим алышууда.

7-класстын окуучусу Жигит Талантбек уулу мектепке келүү үчүн күн сайын 7 чакырым жолду 1 саатта басып өтөт.

«Кыйынчылык кышында жаралат. Анткени күн кыска, суук болгондуктан окуучулардын көпчүлүгү мектепке барбай калган учур болот. Эртең менен жолго чыкканда карышкыр, түлкү көргөн учурлар да катталган. Алардан коркуп, 3-4 күн мектепке барбай калгандар да бар. Кадамжай—Чандеки каттамы боюнча кичи автобус каттайт. Бирок көбүнчө кичи автобустун ичи элге толуп, биз батбай калабыз», - деди Жигит.

Аталган окуучуларга сабакка кечикен учурда жеңилдиктер берилгенин №-4 Көксал-Топтан атындагы орто мектебинин директору Паркынса Акботоева билдирди.

«Биздин мектепте 419 окуучу билим алып жатат. Алардын ичинен 25тен ашык окуучу Курулуш, Ак-Терек, Чарбак айылынан каттап окушат. Аларга мектеп тараптан жеңилдиктер берилип, 15 мүнөт сабакка кечигип келсе да, сабакка катыша алат. Бирок күнүгө эле сабакты үзгүлтүккө учуратып кечигип келсе, ата-энелери менен сүйлөшүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Өкмөттүн, ата-энелердин колдоосу менен аталган 3 айылга атайын маршруттук катам уюштурулса, окуучулар үчүн жакшы болмок», - деди Акботоева.

Окуучулар үчүн маршруттук каттам уюштурула тургандыгын белгилеген Көтөрмө айыл аймагынын башчысы Махмуд Токторов: «Курулуш, Ак-Терек, Чарбак айылдарынан № 4 Көксал-Топтан мектебине 2 кезек менен маршруттук каттам жүргүзүү маселеси аз күндүн ичинде чечилет», - деди.

Кызыл-Булак айылында аталган мектептен сырткары Молдо Нияз атындагы гимназия бар. Гимназиянын окуучулары үчүн ата-энелер тарабынан маршруттук каттам уюштурулган. Алар буга чейин 4 чакырым жолу жөө басып өтүшчү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×