Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 30.11.2018 14:17

Айыл турмушу: 40 жыл мугалим болгон Т.Касымовдун алгачкы обонун Рысбай Абдыкадыров аткарган (сүрөт)

Turmush -  Эл агартуу тармагында бир топ сыйлыктарга татып, Билим берүү министрлигинен «Билим берүүнүн мыктысы» төш белгиси менен сыйланган Тыныбек Касымов 40 жылдык өмүрүн окуучуларга арнаган. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Тыныбек Касымов Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын Ак-Булак айылында 1945-жылы 3-сентябрда төрөлгөн.

«Азыркы билим берүү системасы менен мурункунун айырмасы абдан чоӊ. Менин азыркы билим берүү системасына ичим жылыбай келет. Маселен, ЖРТ деген чыкты. Карылыктан же себеби жок ой менен айтып жаткан жерим жок. Мен муну тажрыйбама таянып айтып жатам. Бир жолу ушул Кызыл-Кыяда ЖРТга комиссия болуп катышкам. Мындай ыкма жарабайт. Ачыгын эле айтыш керек. Мурда бүтүрүүчү менен мугалим бет маӊдай отуруп, жандуу баарлашчу. Ошондо мугалим ички туюмуна таянып, ушул баладан жакшы педагог же жакшы инженер чыгат деп, баамдап билип, "2" деген баага жооп бере турган болсо "3" деген баа коюп коет эле. Ошону менен бала окууга өтчү. Ошол учурда балдардын көбү өз кесибин сүйүшүп, өмүрүнүн аягына чейин өз кесиби менен иштешип, илимде, билимде жакшы уюштуруучу болуп калышчу. Азыр эч нерсеге кызыкпаган жаштар көп. Көпчүлүгү ата-энесинин каалоосу менен кесип тандашат. Андайлардан эч качан жакшы адис чыкпайт. Мен муну тажрыйбамда көрдүм. Азыр бакалавр, магистратура дейбиз. Мында 6-7 жыл окуп, бирок билими мурунку 5 жыл окуган бүтүрүүчүгө жетпейт. Абдан төмөн. Мен институтта бир топ жыл иштедим. Студенттердин абалын жакшы билем. Бирок, алардын кемчиликтерин айтпайм. Алардын кемчиликтери абдан көп. Ал үчүн билим берүүнүн сапатын, системасын жакшыртуу керек», - деди ал.

Тыныбек агай педагогикалык багытта эмгектерди жаратып, учурда обондоду чыгарууда.

«Педагогикалык багытта бир топ эмгектерим журналдарга басылып, 6-7 китебим чыкты. Азыр үйдө отуруп алып обондорду жаратып жатам. 7-8 обонум бар. Анын эки-үчөө ырдалып жүрөт. Биринчи обонумду Рысбай Абдыкадыров "Студенттердин жазы" аттуу ыр кечеде ырдаган. Ал "Карлыгачым" деген ыр эле. Кызыл-Кыянын шайыр апалары "Кызыл-Кыя" деген ырымды ырдап жүрүшөт.

Ал эми менден окуп кеткен студенттеримдин көбү менен сыймыктана алам. Алар мектеп директору, райондук, шаардык билим берүүдө жетекчилик кызматтарда иштеп жүрүшөт. Бир студент кызым республикада эӊ мыкты мугалим катары таанылган. Мындай ийгиликтүү студенттеримди санап айта берсем сөз түгөнбөйт», - деди ардактуу мугалим.

Ал 1968-жылы Ош мамлекеттик пединститутунун педагогикалык факультетин аяктаган.

«Адистигим маданий агартуу кызматкери. Эмгек жолум алгач Фрунзедеги Ленин заводунун №17 цехинде катардагы жумушчу болуу менен башталган. Кийин жогорку окуу жайды аяктагандан соң, аталган пединститутта иштедим. Андан кийин соода-тамак-аш училищасынын директорунун орун басары, кийин Ноокат районунун Караван айылындагы №8 кесиптик окуу жайында тарбиячы болуп иштедим. Ошол жерде вокалдык-инструменттик "Үмүт" деген ансамблди түздүм. "Үмүт" ансамбли республикадагы билим берүү бөлүмдөр арасында өткөн сынактарда алдыңкы орундарды алып жүрдү. Андан соӊ айылдык кеӊешке катчы, шаардык маданият бөлүмүнүн башчысы, аппарат жетекчиси болуп иштедим. Кызыл-Кыя гуманитардык институтунда 13 жыл эмгектенип, кийин жеке менчик колледжде да эки жылдай эмгектендим. Азыр ардактуу эс алуудамын. Маданий агартууда 4 жыл иштеп, калган жылдары билим берүү тармагында жана жогорудагы аталган кызматтарда эмгектендим. Быйыл гана ишимди токтотум, көзүм көрбөй калды. Болбосо ушул мезгилге чейин иштеп келдим.

Байбичем Үпөл Бөрүбаева, 1949-жылы Ноокатта төрөлгөн. Экөөбүз беш уул, үч кызды тарбиялап өстүрүп, 19 небере, 3 чөбөрөбүздүн бактысына бөлөнүп, бактылуу карылыктын төрүндө отурабыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×