Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Баткен облусу, Айдаркен 30.11.2018 12:35 Жаңыланды: 30.11.2018 17:34 На русском

Айдаркенде Өзбекстандан келген дарчылар бекер өнөр тартуулашты (видео)

Turmush -  Айдаркен шаарында Өзбекстандан келген дарчылар бекер өнөр тартуулашты. Бул тууралуу жергиликтүүлөр билдирди.

Маалым болгондой, бул иш-чара эки элдин ынтымагын бекемдөө максатында өттү. Ага миңден ашуун тургун күбө болушту. Эң негизгиси дарчылар элден акча талап кылбайт. Эл алардын көргөзмөсүн баалап, өзү каалаган акчасын берди. Алар таш көтөрүү, адамды бир колдоп көтөрүү, 2 адамды көтөрүп айландыруу, унааны тиши менен токтотуу, тартылган жипте басуу сыяктуу өнөрлөрдү көрсөтүштү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×