Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Баткен облусуБаткен району 30.11.2018 11:54 На русском

Баткенде 17 жаштагы келин кыз төрөдү

Turmush -  Кечээ, 29-ноябрда Баткен шаарында 17 жаштагы келин көз жарды. Бул тууралуу Баткен облустук бириккен ооруканасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 3 кг 440 гр салмакта төрөлгөн кыздын абалы жакшы. Ымыркай операциясыз жарыкка келди. Апасы ымыркай 7 айлык экендигин билдирген. Бирок дарыгерлердин текшерүүсү учурунда кыз 9 айлык экендиги такталды. Наристенин апасы Д.Ш.кызы 20 жаштагы жолдошу бар экендигин, экөө жашап жатышкандыгын билдирген.

Муну менен быйыл облуста бойго жете элек үчүнчү кыз көз жарды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×