Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Баткен облусуЛейлек району 30.11.2018 10:38 На русском

Лейлекте 50 жаштагы аял жолдошун балталап өлтүрдү

Turmush -  17-ноябрда түндө Лейлек районунун Арка-2 айылында 50 жаштагы аял өзүнүн жолдошун балталап өлтүрдү. Бул тууралуу маалыматты Баткен ОИИБден тастыкташты.

Алдын ала маалыматтарга караганда, аял ал күнү өзүнүн 1967-жылы туулган жолдошу А.Г. менен бирге спирттик ичимдиктерди ичишкен. Ортолорунда кайым айтышуу жаралып, ал эт чапкан балтаны ала калып, күйөөсүн башка бир нече жолу чапкан. Жолдошу алган жаракаттарынан улам ошол жерде мерт болгон. Эртеси 18-ноябрда милиция окуя болгон жерге тез жардам кызматын чакырткан. Дарыгерлер барган учурда күйөөсү каза болуп калганы аныкталган. Жубайлар спирт ичимдиктерин көп ичип жүрүшкөндүктөрү такталган. Балдары чоңоюп, турмуш куруп кетишкен.

Учурда аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (өлтүрүү) боюнча кылмыш иш козголуп, аял камакка алынды.

- - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - - -

Буга чейин 5-ноябрда Лейлек районунун дал ушул Арка-2 айылында жергиликтүү кеңештин депутаты Кубанычбек Баяновду белгисиз бирөөлөр атып кеткен. Ал оор абалда ооруканага жеткирилип, эсине келбей жатып, 17-ноябрда каза болгон.

Село Арка-2 Лейлекского района

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×