Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Баткен облусуКадамжай району 29.11.2018 15:08

Кадамжайда биогумус жер семирткичи өндүрүлүп жатат (видео)

Turmush -  Кадамжай районунда биогумус жер семирткичи өндүрүлүп жатат. Бул тууралуу айыл чарба адиси Райхан Салиева билдирди.

Анын айтымында, биогумус органикалык жер семирткичи катары арзан жана экологиялык жактан таза болот. Андыктан дыйкандар андан келип биогумус алып турушат.

«Сөөлжандарды багууга чөнтөгүбүздөн эч кандай акча кетпейт. Табигый калдыктар менен азыктанат. Азыр Кадаймжай, Ноокат жана Айдаркен шаарларында минералдык жер семирткичтер пайдаланылган жерлер түшүм бербей коюп, араңдан 40-45 тоннадан түшүм алышууда. Эгерде бул жерлерге биогомус пайдаланганда 40 тонна эмес, 80 тонна түшүм алышмак», - деди ал.

Каныбек Баратов Райхан айымдан биогумус алуу үчүн Ала-Бука районунан атайын келген.

«Мен интернеттен Райхан эженин биогумус даярдаганын угуп, издеп жүрүп Ала-Бука районунан ушул жакка келдик. Мунун айырмачылыгы жердин кыртышын байытат экен. Түшүмдүүлүктү жакшы күтөрүп берет экен», - деди ал.

Биогумус даярдаган сөөлжандар жалаң гана тамак-аш калдыктары жана чирип жок болуучу нерселер менен тамактанат.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×