Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Баткен облусуКадамжай району 28.11.2018 18:13 На русском

Кыргызстандагы эң бай айыл өкмөттөрдүн бири Ак-Турпакта тойлордун ордуна жакырларга үй салынып жатат (фото)

Turmush -  Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл өкмөтүндө той-мааракелерге ашыкча чыгымдарды кетирүүнүн ордуна үйү жок жакыр адамдарга үй салып берүүдө.

Айыл өкмөт башчысы Алчынбай Торалиевдин айтымында, азыр жардамга муктаж болгон Кудайназар Жумабаевдин үй-бүлөсү үчүн 3 бөлмөлүү жаңы үй салынып жатат. Учурда үйдүн негизги бөлүгү аяктап, эшик-терезелерин коюп, актап-сырдоо иштери калды. Бул үйгө 600 миң сомдой акча жумшалган.

Жергиликүү бийлик элди жакырчыктан чыгаруу үчүн той-аштарга чектөө киргизип, колунда бар тургундарды кайрымдулука чакыруу аракетин көрүүдө.

«Учурда эл «жардам берсек болот экен, жасасак болот экен» дешип түшүнүп калышты. Ишкерлер эле эмес колунда бар жөнөкөй адамдар да жардам бере башташты. Бирөө эле той кылса, тууган-урук баары барып, көптөгөн акча жумшап, ашыкча чыгымдарды кылуу адат болуп калыптыр. Эгерде ушуга окшогондорду кыскартсак, элибиз жакырчылыктан чыгат», - деди ал.

Ак-Турпак айыл өкмөтүндө быйыл 10го жакын той-мааракелер ашыкча чыгымдарсыз өткөрүлүп натыйжада аймактагы үйсүз жашаган 2 үй-бүлөгө үй салынды. Ар бир үйгө 600 миң сомдон каражат жумшалды. Аталган сумманын 800 миң сомун айыл өкмөт көтөрсө, калганын эл, жеке ишкерлер каржылаган.

Учурда элеттиктердин бул демилгесин башка аймактарга да жайылтуу аракеттери көрүлүүдө.

Тактама:

2013-жылдын жыйынтыгы боюнча Ак-Турпак айыл өкмөтү «Кыргызстандагы мыкты айыл өкмөт» наамын алган. Ак-Турпак Баткен облусундагы эң бай айыл өкмөттөрдүн бири болуп эсептелет.

Элдеги уламыштарга караганда, айылдын аталышы топурактын өңүнө байланыштуу.

Айылдын аксакалы Турдали Алдаевдин айтымында, мурда бул жерде эч нерсе өспөгөн, шор баскан, ак топурактуу жер болгон. Кийин жартыбаш уруусу келип, жерди өздөштүрүү менен айыл кылып жашап калышкан. Элет облустун борборунан 35 чакырым алыстыкта жайгашкан. Айылдыктар негизинен дыйканчылык, багбанчылык менен алектенишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×