Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Баткен облусу, Сүлүктү 27.11.2018 18:07

Сүлүктүдө окуучулар арасында Ч.Айтматовдун 90 жылдыгын даңазалаган сынак өттү

Turmush -  Бүгүн, 27-ноябрда Сүлүктү шаарында Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын даңазалаган иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалым болгондой, иш-чарага В.Ленин атындагы мектебинин «Гүлсарат» командасы жана Токтогул атындагы 2-техникалык лицейинин «Биринчи мугалим» командасы катышты. Жыйынтыгында «Биринчи мугалим» командасы 72 упай, «Гүлсарат» командасы 74 упай алды. Жалпы жыйынтык алдыдагы 5 команда таймашкандан кийин чыгарылат.

Мындан мурда 16-ноябрь күнү №4 орто мектеп жана№9 мектеп гимназиясынын командалары таймашып, №4 мектеп 81 упай, №9 мектеп гимназиясы 82 упайга ээ болгон. Кийинки таймаш 30-ноябрь күнү №3, №7 орто мектептердин ортосунда өтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×