Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Баткен облусуЛейлек району 27.11.2018 12:04 На русском

79 жаштагы Т.Назаркулов Түркменстанда аскердик милдетин чогуу өтөгөн досторун издеп келет (сүрөт)

Turmush -  Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Комунизм айылынын 79 жаштагы тургуну Токбай Назаркулов Түркменстандан 1959-жылы аскердик милдетин аткарып келген. Ал аскердеги досторун 30 жылдан бери издеп келет.

«Палчандарымдын жетөөсү менен катташчумун. Менин билишимче, ушулардын ичинен төртөөбүз эле калдык. Кара-кулжалык Бапай Мырзалиев, алайлык Абдыкадыр Кожокелдиев, Каравандан Сагын Мырзаканов аттуу досторум менен 30 жылдан бери жолуга элекмин. Көзү өткөн досторумдун да үй-бүлөсүнө барып, небере-чөбөрөлөрү менен таанышып, ал-абалдарын сурагым келет. Кызыл-Кыя шаарынын Караван айылынын тургуну Сагын Мырзакановду Бишкек шаарынан издеп келдим. Анын дарегин таап, азыр үйүндө балдары менен жолуктум. Өзү жок экен. Эки-үч күндө келип калат дешти», - деди ал.

Токбай ата ысык-көлдүк досун «Арноо» концерти аркылуу таап алган.

«Бир жолу Ысык-Көлдүн Түп районунун тургуну Шабырбек Абдулдаев аттуу досумду кокусунан сыналгыдан Арноо концертинен көрүп калдым. Балдары куттуктоо жөнөтүшкөн экен. Ошентип кокусунан эле көп жыл мурун байланышыбыз үзүлүп калган досумдун дарегин таап алдым.

Бул жети бала чогуу жүрчүбүз. Аскерден келгенден кийин катышып жүрдүк. Бирок, турмуш шартка байланыштуу ортодо 30 жыл бою байланышыбыз үзүлүп калган. Эстесем, далай жакшы күндөрдү өткөрүптүрбүз. Аскерде жүргөнүбүздө отуз-адырлык Абдразак Аманов аттуу досум бир ашканада башкы ашпозчу болуп иштечү. Ал жумуштан келе жатканда чөнтөгүнө помидор, бадыраӊ сала келчү.

Түркменистан аябай ысык болот экен. Ошол кезде 50 градус ысыкта аскердик милдетибизди аткарганбыз. Ысыктан чыдабай, кечинде шейшептерибизди муздак сууга салып, андан соң жабынып жатчубуз», - деди ал.

Токбай Назаркулов Лейлекте 40 жыл мугалим болуп эмгектенген.

«Лейлекте Комунизим мектебинде 40 жыл дене тарбия мугалими болуп иштеп, "Эл агартуунун мыктысы" наамы менен сыйлангам. Кемпирим бар. Экөөбүз 4 кыз, 2 уулду тарбиялап өстүрүп, 15тен ашуун неберенин жытын жыттап, бактылуу карылыктын төрүндө отурабыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×