Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-июль
Баткен облусуЛейлек району 27.11.2018 11:11 На русском

Жогорку Кеңештин мурдагы депутатынын апасынын Баткендеги складындагы жарылуу: 28 жаштагы кароолчу миллиондогон айып төлөп, шарттуу түрдө камалды (фото)

Turmush -  Лейлек райондук соту 2018-жылдын 4-июль күнү Жаштык айылындагы май куюучу жайдагы жарылуу боюнча козголгон кылмыш иш боюнча чечим чыгарды.

Кылмыштын негизги фигуранты Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн Жаштык айылынын 1990-жылы туулган тургуну Т.Руслан (аты өзгөртүлдү) болгон. Т.Руслан мурда соттолгон эмес, 1 баланын атасы, орто билимдүү. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 238-беренесинин 2-бөлүмү (өрт коопсуздугун сактоо эрежелерин бузуу) боюнча айып тагылган.

Рустан жарылуу болгон складда кароолчу болгон. Жарылуудан чыккан өрт кошуна жайгашкан күйүүчү май куюучу жайга, токтоп турган унааларга да өтүп кеткен. 2018-жылдын 4-июлунда Руслан Кыргызстандын жараны Б.Т.га газ ташуучу «Мерседес-Бенц Актрос» унаасы менен складга кирүүгө уруксат берген. Унаадан жалпы баасы 508 миң 246 сомдук суюлтулган 18 тонна 370 кг газды (бутан менен пропандын аралашмасы) алышмак. Газды тажикстандык жаранга таандык «Рено» үлгүсүндөгү унаага өткөрүп бериш керек болгон. Саат 20:30 чамасында айдоочулар газды өрт коопсуздугун бузуп өткөрө башташкан. Анын кесепетинен жарылуу чыккан.

Худжант—Канибадам унаа жолу Лейлек районунун Жаштык айылы жана Тажикстандын Хистеварз айылын аркылуу өтөт

Худжант-Канибадам

Өрт күчөп, жанаша турган «Жаштык» май куюучу жайына өтүп, аны толугу менен жок кылган. Анын ээсине 300 миң сомдук зыян келтирилген. Ошондой эле унааларга газ куюучу жай да күйүп кеткен. Анын ээси, Бешкент айылынын тургуну Д.Р. 3 млн 50 миң сомдук зыян келтирилген. Мындан тышкары Жаштык айылыны тургуну Б.Т.га таандык «Бостон 2» май куюучу жана газ куюучу жайлары, Д.Р.га таандык жүк ташуучу «Вольво» үлгүсүндөгү унаа өрттөнгөн. Жарылуунун кесепетинен №47 мектептин терезеси (31 терезе) сынып кеткен. Келтирилген чыгым 14 миң 740 сомду түзгөн.

Өрт токтобой «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү 2 унаага (материалдык чыгым 400 миң сом жана 600 миң сом), жүк ташуучу «Мерседес-Бенц Атего» үлгүсүндөгү 3 унаага, газ ташынан «Рено» унаасына, ошондой эле газ ташыган «Мерседес-Бенц Актрос» (материалдык чыгым 200 миң сом) унаасына жана «Ниссан Пресаж» унаасына (материалдык чыгым 300 миң сом) өткөн. Кырсыктын кесепетинен 9 адам жабыр тартып, ооруканага түшкөн.

Руслин иликтөө учурунда «Ниссан» үлгүсүндөгү унаанын ээсинен башка бардык жабырлануучуларга материалдык чыгымды төлөп берген. Сотто өзүнүн күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, ошол күнү тажикстандык жаран келип, ага 500 сомони (3 миң 705 сом) сунуштап, газ куюшуп коюуну суранганын айтты. Газ ташыган 2 унаа тең складга киргенден кийин Руслан өзүнүн иштери менен кетип калган. 1 сааттан кийин ага тааныштары телефон чалып, складда өрт чыккандыгын айтышкан. Ал чуркап келип складга кирүүгө аракет кылган. Аны ал жакка киргизбей кармап калышкан. Ошол учурда жарылуу болуп, анын кесепетинен өзүнүн жону күйүп калган.

Русландын айтымында, жабырлануучуларга дарыланууларын төлөп берген. «Ниссандын» ээси менен байланышуу мүмкүн болгон эмес. Жарылуу кокусунан болгон. Ал соттон абакта камап салбаган өкүм чыгарууну суранды.

Сотто бардык жабырлануучулар мурда тосмо арыз жазып беришкендигин, Русланга дооматтары жок экендигин айтып, кылмыш ишти токтотууну суранышты.

«Ниссандын» ээси сотко келген жок. Тергөөдө ал унаасын 1-июль күнү «Жаштык» май куюучу жайынын жанына токтотуп, өзү Тажикстандын Худжанд шаарына унаа тетигин алып келүү үчүн кеткендиги такталды. Ал 5-июль күнү саат 11:00 чамасында кайтып келип, жарылуу болуп, унаасы күйүп кеткендигин билген.

Сот иштин материалдарын карап чыгып, Русланды 4 жылга эркинен ажыратты. Ошондой эле Кылмыш-жаза кодексинин 63-беренесинин негизинде жазаны 1 жылдык мөөнөт менен шарттуу деп эсептеген өкүм чыгарды.

Өрттөн кийинки сүрөттөр

Өрт чыккан учурдагы видео

Айтылбай калган жагдайлар такталган

Эртеси 5-июлда окуянын күбөлөрү өрттөн унааларга, жыгачтарга кошо малдын терилери да күйгөндүгүн билдиришкен.

Кырсык болгон жерде жүргөн аймактык кабарчы Тажикстан менен чектешкен Лейлектин Бешкент айыл аймагында жолдун боюнда эле ондон ашуун май куюучу жай бар экендигин маалымдаган. Өрттөнгөн май куюучу жайга жакын жайгашкан май куюучу 2 бекетке да зыян жеткен. Өрттөн бул жайда курулушка иштетилүүчү жыгачтар, бир контейнерде толо малдын терилери да жаткан.

Ал эми кырсыкка күбө болгон Тынарбек Нурматов олуттуу деле зыян болгон жок деп ишендирген.

«Газ күйүп кеткен. Жабыркаган адамдар жок. Өрт болуп жатканда биз жетип келдик. 2 унаанын ортосунда өрт тутанган. Товар өтпөй, айдоочулары жок болгон үчүн унааларды сактап кала албай калышты. Күйгөн унааларда сатылбай турган жыгачтар болгон. Баалуу эч нерсе деле жок», - деген Нурматов.

Сүлүктү, Баткен шаардык жана Баткен, Лейлек райондор аралык техникалык коопсуздук боюнча башкармалыктын башчысынын орун басары Канатбек Сейдалиев күйгөн май куюучу жайдын ээси эми аныктала турганын билдирген.

«Тажикстандын тургуну өзүнүн газ ташыган унаасы менен келип, газ ташыган кыргызстандык ишкердин унаасынан газ алып жаткан. Ошол убакта техникалык жактан коопсуздукту сактабагандыктан кырсык келип чыккан. Атайын газ куюучу жайдан куюшкан эмес. Бул жерде аралаш товарлар сатылып жүргөнүн эми билдик. Бул мыйзамсыз. Буга чейин май куюучу жайлардын сыртынан эле көрүп өтчүбүз. Май куюучу жайларда техникалык коопсуздук сакталган», - деген Сейдалиев.

Жарылган май куюучу жай депутаттын апасына таандык экендиги такталган:

9-июлда Лейлек РИИБдин тергөө кызматынын башчысы Нургазы Эркебаев 4-июлда Жаштык айылындагы май куюучу жайдын өрттөнүп, жарылышына себеп болгон жүк сактоочу кампа мурдагы вице-премьер-министр, мурдагы депутат А.Ш.нын апасы А.Ш.га таандык экендигин билдирген.

Маалыматка караганда, кампада ар кандай товарлар сакталган. Андан чыккан өрт май куюучу жайга өтүп, анын кесепетинен ал жерге бир топ зыян келтирилген.

«4-июль күнү болгон өрт Лейлек районунун Жаштык айылындагы жүк сактоочу жайдан чыккан. Өрт күчөп, жанындагы «Жаштык» май куюучу бекетине да өтүп, ал жер жарылган. Ал кампа мыйзамдуулугун же мыйзамсыздыгын аныктоодобуз. Ал жер А.Ш.га таандык кампа болгон. Учурда КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 238-беренесинин 2-бөлүгүнүн (Өрт коопсуздугун бузуу) негизинде кылмыш иш козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат», - деген Эркебаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×