Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Баткен облусуЛейлек району 26.11.2018 10:04

Лейлекте жол тандабас толугу менен өрттөндү

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 16 өрт кырсыгы катталды. Аларды өчүрүүгө 18 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 26-ноябрда ӨКМдин басма сөз кызматы.

Баткендеги Лейлек районунун Андарек айылында турак үйдөн өрт чыгып, анын кесепетинен 24 чарчы метр чатыры жана короодо токтоп турган «Ссан-Йонг Муссо» үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн. Адамдар жабыркаган жок. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Ошондой эле мештерди пайдаланууда өрт коопсуздук эрежесинин бузулушунан улам Чүйдөгү Аламүдүн районунда мончонун 4 чарчы метр чатыры, бастырманын 56 чарчы метр чатыры жана 4 тонна көмүр өрттөндү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×