Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Баткен облусуКадамжай району 26.11.2018 10:01

Кадамжайдын Миң-Чынар 2 айылындагы жаңы конушта электр маселеси чечилип жатат

Turmush -  Кадамжай районунун Ак-Турпак айыл өкмөтүнөн караштуу Миң-Чынар 2 айылынын Аэропорт участкасында 70 адам үй салып жашап жатат. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысынын орун басары Мамажунус Сатыбалдиев билдирди.

Анын айтымында, аталган участкадан 100 кожолукка жер бөлүнгөн. Буга чейин айылда электр энергиясы жок болгондуктан, көйгөй жаралып келген. Маселени чечүү үчүн айыл өкмөт тарабынан 1,5 млн сом акча бөлүнүп берилди. Ал эми жергиликтүү калктан 500 миң сом чогулду. Баткен райондук электр тармактар ишканасы менен келишим түзүлүп, жалпы 2 км электр чубалгысы тартылмак болуп жатат. Жаңы жылга чейин электр энергиясы берилип, Аэропорт участкасындагы элдин электр энергиясына болгон көйгөйү чечилмекчи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×