Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Баткен облусуКадамжай району 26.11.2018 09:32 На русском

Кадамжайлык мигранттар айылдаштарына жардам көрсөтүп, көмүр алып беришти

Turmush -  Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылында жакыр жашаган үй-бүлөлөргө кышка карата азык-түлүк жана көмүр таркатылды. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Зулпидин Нурматов билдирди.

Анын айтымында, жардамды чет өлкөдө иштеген мигранттар каржылашты. Жакыр жашаган 15 үй-бүлөгө көмөк көрсөтүлдү.

«Ар ай сайын чет жакта иштеп жүргөн мигранттар акча топтоп, Кызыл-Булак айылындагы жакыр жашаган 15 үй-бүлөгө кезектешип, 3 миң 500 сомдук азык-түлүктөрдү берип турат. Ага кошумча кышка карата 13 үй-бүлөгө 5 каптан көмүр таркатышты. Кышында жана орозо айларында жакыр жашаган үй-бүлөлөр жардам иретинде алышат. Башка убакта айылга керектүү жумуштарды жасайбыз», - деди Нурматов.

Көтөрмө айылдык кеңешинин депутаты Арапбай Кутпидин уулу мигранттар буга чейин Лангар айылынын ички көчөлөрүнө жол чырактарды орнотушкандыгын белгиледи. Көчөлөргө 65 миң сомго 55 даана жол чырак орнотулган. Жакында борбордук жолдорго 30 даана жол чырак орнотуу үчүн каражат топтолуп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×