Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 26.11.2018 09:07

Кызыл-Кыяда жардамга муктаж адамдарга көмүр алуу үчүн акча таратылды

Turmush -  Кызыл-Кыя шаарында күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында жардамга муктаж адамдарга акчалай жардам берилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, кышка карата жалгыз бой, жардамга муктаж, жакыр жашаган жана майып адамдар жардам алышты. Жакыр үй-бүлөлөргө көмүр сатып алуу үчүн 2000 сомдон, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 5000 сомдон таратылды. Аларга жалпысынан 439 миң сом акча бөлүнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×