Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Баткен облусуБаткен району 24.11.2018 15:08 На русском

Баткендеги прокурордун өлүмү: Кылмышка шектелген адам аны атып өлтүрүп, андан кийин денесин өрттөгөн, - ИИМ

Turmush -  ИИМ Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборунун директору Нурдин Сулаймановдун Баткенде прокурорду өлтүрүүгө шектелип кармалган М.К.нын милиционерлер менен прокурорлор тарабынан кыйноого кабылгандыгы жөнүндөгү маалыматтын төгүндөдү.

Министрликтин маалыматына караганда, М.К. жаракаттарын өлтүрүлгөн прокурор менен болгон мушташуу учурунда алган.

Алдын ала маалыматтар боюнча экөөнүн ортосунда чатак чыгып, мушташка айланган. М.К. прокурор Анарбай Мамажакыповду аңчылык курал менен аткан. Андан кийин кылмышын жашыруу анын денесин өрттөгөн. Мамажакыповдун денесинин 80% күйүп калгандыктан, аны туугандары араң тааныды.

Учурда М.К. Ош шаарындагы абакта кармалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Окуя тууралуу:

Буга чейин прокурор Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болуп өлтүрүлгөн денеси Төрт-Гүл суу сактагычы тараптан табылганы маалымдалган. Кийин бул кылмышка шектели Баткен облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы М.К. кармалды.

Андан соң Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмү боюнча кырдаалды аныктоо үчүн 18-ноябрда Баткен облусуна чыгып кеткени белгилүү болгон.
Өлтүрүлгөн прокурор
1481467.1.1542516227
Прокурорлорду аңчылыкка алып чыгуу:

Кийинчерээк Баткен ОИИБдин басма сөз катчысы Дамира Юсупова өлтүрүлгөн прокурор ошол күнү кесиптештери менен бирге жайлоого эс алууга чыккан деген маалымат бар экендигин билдирген.
Маалыматка караганда, анын өлүмү боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалган.
«17-ноябрь күнү саат 22:10 чамасында Баткен шаарынын Турдумаматов көчөсүнөн «Лексус 470» үлгүсүндөгү унаа табылган. Кароо жүргүзүлгөндө унаанын капталдарында кандын тактары табылган.
Баткен ОИИБдин кызматкерлери түнү бою жүргүзгөн иликтөө иштеринин натыйжасында Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын батыш тарабындагы участкадан Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгү табылган. Бул жагдай боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иш козголду.
Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы кармалды. Азыркы учурда шектүү убактылуу кармоо жайына киргизилген. Ал өзүнүн көрсөтмөлөрүн берип жатат (аңчылыкка бирге чыккан башка адамдар дагы суралып жатат)», - деген ал.
Мындан тышкары аңчылыкка А.Мамажакыпов менен кошо 6 кесиптеши жана Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы чыккандыгы айтылды. Унаанын ичинен 23 даана ок-дары табылган.
«2018-жылдын 17-ноябрында эртең менен булар Рават жайлоосуна эс алганы чыккан деген маалымат бар. Эс алуудан кайтканда саат 18:00 чамасында Баткен шаарынын «Төрт-Гүл» кафесине кирип, чогуу чай ичишкен. Чайдан чыгып, прокурор менен Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы «Лексус 470» үлгүсүндөгү унаада чогуу кайтышкан. Унаада экөө эле болгон. Жалпы аңчылыкка прокуратуранын 6 кызматкери жана капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы болуп 2 унаа менен чыгышкан», - деген Юсупова.

Анарбай Мамажакыпов ата-энесинин үйүндө — Оштун Чоң-Алай районундагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн Чак айылында 19-ноябрда акыркы сапарга узатылды. Анын артында 4 баласы калды. Үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүлөт.

Кылмышка шектелген адамдын кесиптештери эжеси эмне дейт?
Прокурорду өлтүрүүгө шектелип камакка алынган М.К.нын кесиптештери жана бир тууган эжеси анын адам өлтүргөнүнө ишенбей турганын билдиришкен.

Кылмышка шектелген М.К.нын орун басары Акбаралы Зайналовдун айтымында, М.К. адам өлтүрбөй турган жетекчи болчу.

«Мен М. менен 2 жылдан бери чогуу иштейм. Ал иште талапты коё билген адам. Айтылган нерсени толук ишке ашырып, жумушуна тың адам болгон. Ошондой эле талапты да коё билген адамгерчиликтүү инсан эле. Анын мындай адам өлтүрүү жолуна барганына ишенбейм. Себеби ал баланын колунан мындай иш келбейт. Бул кабарды угуп, өзүм да түшүнбөй калдым», - деген ал.
Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын юристи Нургазы Тулаевдин айтымында, жетекчисинин адам өлтүргөнүнө ишенбейт.

«2018-жылдын август айынан бери М. менен чогуу иштеп келе жатам. Мен аны мектепте окуп жүргөнүнөн баштап тааныйм. Ал мектепти да, жогорку окуу жайды да кызыл диплом менен бүткөн. Буга чейин Президенттик аппаратта, Жогорку Кеңеште иштеп келген. Мүнөзү токтоо, жумшак, интеллигент адам. Ал адам өлтүрмөк турсун, кесиптештери менен майда чатактарга барган эмес. Жумуш боюнча гана талап коюп, анын аткарылышын катуу көзөмөлдөп турган жетекчи болгон.

Буга чейин прокуратура тарабынан текшерүүлөр болгон. Кээ бир кемчиликтерди жоюу боюнча эскертүүлөр берилген. Бул кишинин адам өлтүргөнүнө такыр ишенбейм. Себеби М. кандай адам экенин жакшы билем», - деген ал.
Ал эми М.К.нын эжеси Дарыйка Калыкованын айтымында, прокурорлор инисинен аларды аңчылыкка алып барып келүүсүн суранышкан. Инисин тоодон кайтып келишкенден кийин кармап кетишкен.

«Мелис үй-бүлөдө жалгыз бала. Апамдар менен чогуу жашайт. Ошол күнү эртең менен Мелис «мени прокурорлор аңчылыкка алып барып кел» деди деп айтты. Апам: «барбай эле кой уулум, алар сенин кесиптешиң же досторуң болбосо, ишемби күнү андан көрө үйдө эс ал» деди. Бирок «барбасам болбойт» деп кеткен. Мен да өз үйүмө кеткем. Эртеси эртең менен келиним: «апам ооруп жатат, келиңиз» деп телефон чалды. Келсем ушул иш болуптур.

Менин таң калганым, тоок соё албаган иним кантип ушундай ишке барат? Мелис үйдө жалгыз бала. Мааракелерде да малды менин жолдошум союп берет. Каза болгон прокурордун бою инимдикине караганда узун, күчтүүрөөк көрүнөт. Биздин укугубузду коргой турган прокуратура кызматкерлери кантип жетекчисин жалгыз салып беришти? Эгер экөө урушуп кеткен учурда да менин инимди ал жөн эле түртүп койсо да жыгылмак. Ал үйгө келгенде мен үйдө жок болгом. Апам менен келинчеги болгон. Иним үйгө келгенде артынан милиция кызматкерлери келип, алып чыгып кетишиптир.

Ал эми унаа досунуку болгон. Кызматтык унаасын айдоочусу үйгө таштап кетиптир. Мүмкүн айдоочусу чакырганда кеч келип калгандыктан тоого өзүнүн кызматтык унаасы менен эмес, досунун унаасы менен чыгып кеткендир. Инимдин мындай ишти жасады дегенине ишене албай турам», - деген эжеси.
М.К милиция кызматкерлери сабап кыйнагандыгын айткан
Кечээ, 23-ноябрда Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборунун директору Нурдин Сулайманов АКИpress агенттигине Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповду өлтүрүүгө шектүү делип кармалган Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы М.К.,га милиционерлер жана прокурорлор тарабынан кыйноо болуп жаткандыгын билдирген.

Анын айтымында, анын атына Баткен облусунун тургундары жамааттык кайрылуу менен кайрылышкан (500дөн ашык кол коюлган).

«Алардын арызында, шектүү окуя болгон күнгө чейин апасына тоого барып келүү керектигин айткан. Кийинки күнү М.К.нын унаасында облустун прокурору жана анын эки орун басары болгон. Шектүү үйүнө келгенде анын аркасынан прокуратуранын 4 кызматкери келип, Мамажакыпов кайда экенин сурашканда ал билбей турганын айткан. Аны күч колдонуу менен ИИБге алып кетишкен. Түнү менен сабашып, тиешелүү түшүнүк кат алышкан.

Арызда ошондой эле, кыйноо фактыларын далилдеп бере турган күбөлөр бар экени айтылган. Ошондой эле, шектүү жаранга милициянын кызматкерлери жактоочуларды киргизбей коюшкан. Анда жактоочулардын бири облустук прокуратура кайрылган, бирок ал жактан милиционерлерге карата жазылган арызды дароо кабыл алышкан эмес», - деген ал.

Кыйноолорду алдын алуу борборунун кызматкерлери Ош шаарындагы СИЗО-5 мекемесиндеги М.К.га барышкан. Ал жактан шектүү прокуратуранын жана милициянын кызматкерлери аны кыйнагандыгы боюнча арыз жазган.

«Ал алардын атын жана фамилияларын билбейт, бирок көрсөтүп бере алат. Анын айтымында, анын башына желим бөтөлкө менен согушуп, муунтуп, денесинин ар кайсыл жерлерине урушкан», - деген ал.

Кыйноолорду алдын алуу борбору шектүүнүн коопсуздугун көзөмөлдөө максатында күн сайын СИЗОго барууну жана президенттен бул маселени жеке көзөмөлүнө алууну өтүнүшкөн.
ИИМ кыйноо жөнүндөгү маалыматтар калп экенин билдирди

Андан кийин ИИМ Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборунун директору Нурдин Сулаймановдун Баткенде прокурорду өлтүрүүгө шектелип кармалган М.К.нын милиционерлер менен прокурорлор тарабынан кыйноого кабылгандыгы жөнүндөгү маалыматтын төгүндөдү.

Министрликтин маалыматына караганда, тергөөнүн башынан аягына чейин Баткен ОИИБдин жетекчисинин орун басары катышты жана аны эч сабаган жок. М.К. сурак башталганга чейин медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөн. Ал документте кармалганг чейин эле денесинде жаракаттар бар экендиги жазылган. Иликтөө учурунда М.К. бул жаракаттарды өлтүрүлгөн прокурор менен болгон мушташуу учурунда алгандыгы такталган.

М.К Ош шаарындагы тергөө абагында кармалууда.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×