Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Баткен облусу, Баткен 23.11.2018 18:27 На русском

Фото — Баткендин прокурорун өлтүрүүгө шектүү милиционерлер жана прокурорлор тарабынан кыйноо болгонун билдирди

Turmush -  Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповду өлтүрүүгө шектүү делип кармалган Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы М.К., милиционерлер жана прокурорлор тарабынан кыйноо болуп жаткандыгын билдирди. Бул тууралуу 23-ноябрда АКИpress агенттигине Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборунун директору Нурдин Сулайманов маалымдады.

Анын айтымында, анын атына Баткен облусунун тургундары жамааттык кайрылуу менен кайрылышкан (500дөн ашык кол коюлган).

«Алардын арызында, шектүү окуя болгон күнгө чейин апасына тоого барып келүү керектигин айткан. Кийинки күнү М.К.нын унаасында облустун прокурору жана анын эки орун басары болгон. Шектүү үйүнө келгенде анын аркасынан прокуратуранын 4 кызматкери келип, Мамажакыпов кайда экенин сурашканда ал билбей турганын айткан. Аны күч колдонуу менен ИИБге алып кетишкен. Түнү менен сабашып, тиешелүү түшүнүк кат алышкан.

Арызда ошондой эле, кыйноо фактыларын далилдеп бере турган күбөлөр бар экени айтылган. Ошондой эле, шектүү жаранга милициянын кызматкерлери жактоочуларды киргизбей коюшкан. Анда жактоочулардын бири облустук прокуратура кайрылган, бирок ал жактан милиционерлерге карата жазылган арызды дароо кабыл алышкан эмес», - деди ал.

Кыйноолорду алдын алуу борборунун кызматкерлери Ош шаарындагы СИЗО-5 мекемесиндеги М.К.га барышкан. Ал жактан шектүү прокуратуранын жана милициянын кызматкерлери аны кыйнагандыгы боюнча арыз жазган.

«Ал алардын атын жана фамилияларын билбейт, бирок көрсөтүп бере алат. Анын айтымында, анын башына желим бөтөлкө менен согушуп, муунтуп, денесинин ар кайсыл жерлерине урушкан», - деди ал.

Эми Кыйноолордун алдын-алуу борбору шектүүнүн коопсуздугун көзөмөлдөө максатында күн сайын СИЗОго барууну жана президенттен бул маселени жеке көзөмөлүнө алууну өтүнүшүүдө.

Буга чейин Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болуп өлтүрүлгөн денеси Төрт-Гүл суу сактагычы тараптан табылганы маалымдалган.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бул фактыны тастыктап, прокурордун денесинде күч колдонулган белгилер бар экенин билдирген. Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иш козголуп, тиешелүү иштер жүргүзүлүп баштаган.

Кийинчерээк прокурорду өлтүрүүгө шектүү делип Баткен облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы М.К. кармалып, 2 айга камакка алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×