Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Баткен облусуБаткен району 23.11.2018 12:23

Баткендин Кан айылында 37 млн сомго курулган жаңы мектептин ачылышы өттү (фото)

Turmush -  Бүгүн, 23-ноябрда Баткен районунун Кан айылында З.Ормонов атындагы орто мектептин жаңы имараты салтанаттуу түрдө ачылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы кабарлады.

Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдилазиз Заитовдун айтымында, мектептин мурдагы имараты ашар жолу менен курулуп, азыр жараксыз абалга келип калган. Алгачкы мектеп 1932-жылы курулган. Андан кийинки имарат 1989-жылы ашар жолу менен 200 окуучуга ылайыкташтырылып курулганы менен анда 350гө чейин окуучу билим алчу. ӨКМ мектептин имаратын кооптуу деп чечим чыгарган болчу.

Мектептин жаңы имаратынын курулушу 2016-жылы башталган. Анын жалпы сметалык баасы 37 млн сомду түзүп, каражат республикалык бюджеттен бөлүнгөн. 225 орунга ылайыкташтырылган бул мектепте учурда 238 окуучу билим алууда. Район аймагында быйылкы жылдын эсебинде мындай заманбап типтүү мектептен экөө ачылды. Район аймагында 53 мектеп бар. Алардын ичинен 8 мектеп авариялык абалда.

Баткен облусунун жетекчилигинин маалыматына караганда, акыркы окуу жылында облус аймагында типтүү 3 мектеп пайдаланууга берилген. Дагы 23 мектептин курулушу жүрүп жатат. Ошондой эле жаңы окуу жылы башталгандан бери типтүү 4 бала бакчасы пайдалууга берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×