Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Баткен облусуКадамжай району 22.11.2018 16:25

Кадамжайда бокс боюнча мелдеш өттү

Turmush -  Бүгүн, 22-ноябрда Кадамжай районуна караштуу Марказ айыл өкмөтүндө жазуучу Чыңгыз Айматовдун 90 жылдыгына карата бокс боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу Марказ айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ислам Исмаилов билдирди.

«Бүгүнкү иш-чара залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналган. Бул мелдештин негизги максаты — жаштарды спортко тартуу жана жаштардын кызыгуусун арттыруу. Мелдешке жалпысынан 80 спортчу катышты. Башкы орундарды алгандарга Кадамжай райондук спорт комитетинин атынан дипломдор, грамоталар жана айыл өкмөттүн атынан баалуу белектер тапшырылды», - деди Исмаилов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×