Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Баткен облусуБаткен району 22.11.2018 15:25 На русском

Баткен облусунда кутурган ит тиштеген 2 адам каза болду

Turmush -  Быйыл июль-август айларында Баткен облусунда кутурган ит тиштеген 2 адам каза болду. Бул тууралуу Баткен райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунан тастыкташты.

Маалым болгондой, Баткен облусунун аймагында быйыл жаныбарлардан жабыркап, ооруканага кайрылгандардын саны 1088 адамга жеткен. Анын ичинен 2 адамды кутурган ит тиштеп, алар кутурма оорусунун айынан каза болгон. Каза болгон адамдар Кадамжай районунун Үч-Коргон айылынын тургундары болушкан. Анын бирөөсүн Кызыл-Кыя шаарында ит тиштесе, экинчисин Үч-Коргон айыл аймагынан ит тиштеген.

Алар алгач көңүл бөлүшкөн эмес. Бирок кийинчерээк оорулары күчөп, ооруканага кайрылып, тиешелүү жардам көрсөтүлгөн. Бирок дарыгерлердин аракетине карабастан кутурма оорусунун кесепетинен каза болушту.

Былтыр жаныбарлардан жабыркап, ооруканага кайыргандардын саны 924 адамга жеткен. Лейлек районунан 1 адамды кутурган ит тиштеп, оорусунан улам каза болгон.

Кутурма — сүт эмүүчүлөрдүн вирус козгогон, борбордук нерв системасын жабыркаткан белгилер менен коштолгон тез өтүүчү, өлүм менен аяктоочу оору. Кутурманын вирусу денеге кирген жеринде бир аз туруп, андан соң жүлүнгө, мээге өтөт. Шилекей бездерине жетип, нерв түйүндөрүндө көбөйүшөт. Шилекей чыкчу түтүкчөлөр аркылуу былжыр челге чыгат. Вирус мындан сырткары көзгө, өпкөгө, бөйрөккө, скелет булчуңдарына, уйку безге, желинге чейин жетет. Кутурма ылаңынын жаратылыштагы таркатуучу жана сактоочу булагы болуп жапайы жырткыч айбандар (карышкыр, түлкү, чөө ж.б.), жолбун иттер, мышыктар эсептелет.

Вирустун таза организмге кирүүчү негизги жолу болуп ылаңдаган жандыктын тиштеген жери саналат. Кутурма менен ооруган жандык тиштегенде, вирус анын шилекейи менен кошо башка организмге өтүп, оору козгойт. Кутурма ылаңын алып жүрүүчүлөр жапайы айбандар болгондуктан, бул оору жаратылышта чордону бар инфекцияларга кирет. Короо кайтарган иттер кутурма ылаңынын негизги жуктуруучусу болушат. Андыктан ылаңдаган иттерди тезинен жок кылуу керек. Ылаңдаган ит-мышык жана башка жандыктар тиштеп алган адам 6 жолу эмдөөдөн өткөрүлөт. Эмдөө курсун үзгүлтүксүз алуу керек. Себеби жарым-жартылай же бир эле жолкусун албаса кутурма оорусуна кабылышы мүмкүн.

Эмдөө мезгилинде жана эмдөөдөн кийин шарттуу түрдө 1 ай, шартсыз түрдө 6 айга чейин спирттик ичимдиктерди ичүүгө тыюу салынат. Себеби арак ичкен учурда эмдөө учурунда сайылган вакцина өз күчүн жоготот.

Учурда жергиликтүү тургундарга жаныбарларды кармоо эрежелерин бекем сактоо, өз убагында эмдетүү керектиги боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Андан сырткары жолбун иттерди атып жок кылуу боюнча жер-жерлерде иштер жүрүп жатат.

Быйыл Майдан айылында 1 карышкыр 4 адамга кол салган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×