Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 21.11.2018 15:15

Кызыл-Кыяда мас болуп алып, тескөөчүгө кол салган айдоочу камакка алынды (фото)

Turmush -  19-ноябрда Кызыл-Кыя шаарында мас болуп алып, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерин бурама (ответка) менен сайып, өзү качууга аракет кылган айдоочу кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, жол коопсуздугун тескөөчү Ө.Сапаров Кызыл-Кыядагы Султанов көчөсүндө өз ишин аткарып жатып, катуу ылдамдыкта келе жаткан кызыл түстөгү «ДЭУ Тико» үлгүсүндөгү унааны токтоткон. Бирок анын айдоочусу А. уулу Б. талапка баш ийбей, качып жөнөгөн. Тескөөчү аны Кулатов көчөсүндө жайгашкан айлампанын жанына чейин кубалап жетип, айдоочунун документтерин сураган. Бирок ал документти берүүдөн баш тарткан. Ө.Сапаров аны өзүнүн унаасы менен Кызыл-Кыя шаардык аймактык ооруканасына алып барып, спирт ичимдигин ичкенин аныктаган. Андан соң айдоочуну салып алып, анын унаасына келишкен. Ал жерден айдоочунун унаасынын ачкычын сураганда каршылык көрсөткөн. Тескөөчү анын унаасын өзүнүн унаасына сүйрөтүп, атайын автоунааларды токтотуучу жайга алып барган. Ал жерде А. уулу Б. унаанын ачкычын тескөөчүгө бербей, анын мыйзамдуу талаптарына баш ийбестен каршылык көрсөткөн. Анын жүрүшүндө унаасынан алып чыккан бурама (отверка) менен тескөөчүнүн көкүрөгүнүн оң тарабына сайган. Андан кийин бураманы ыргытып жиберип, өзү качып жөнөгөн. Качкан айдоочуну башка кесиптештери жардамдашып кармашкан.

Жаракат алган тескөөчү Кызыл-Кыя шаарындагы аймактык ооруканасынын сыныктар бөлүмүнө жаткырылды. Тескөөчү Ө.Сапаровдун жаракатынын оор-жеңилин аныктоо боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Кармалган айдоочу Кызыл-Кыя ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Анын унаасына текшерүү жүргүзүлүп, ичинен жыгач сабы бар ашкана бычагы табылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×