Бөлүмдөр
Жума, 22-март
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 21.11.2018 15:15 На русском

Кызыл-Кыяда мас болуп алып, тескөөчүгө кол салган айдоочу камакка алынды (фото)

Turmush -  19-ноябрда Кызыл-Кыя шаарында мас болуп алып, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерин бурама (ответка) менен сайып, өзү качууга аракет кылган айдоочу кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, жол коопсуздугун тескөөчү Ө.Сапаров Кызыл-Кыядагы Султанов көчөсүндө өз ишин аткарып жатып, катуу ылдамдыкта келе жаткан кызыл түстөгү «ДЭУ Тико» үлгүсүндөгү унааны токтоткон. Бирок анын айдоочусу А. уулу Б. талапка баш ийбей, качып жөнөгөн. Тескөөчү аны Кулатов көчөсүндө жайгашкан айлампанын жанына чейин кубалап жетип, айдоочунун документтерин сураган. Бирок ал документти берүүдөн баш тарткан. Ө.Сапаров аны өзүнүн унаасы менен Кызыл-Кыя шаардык аймактык ооруканасына алып барып, спирт ичимдигин ичкенин аныктаган. Андан соң айдоочуну салып алып, анын унаасына келишкен. Ал жерден айдоочунун унаасынын ачкычын сураганда каршылык көрсөткөн. Тескөөчү анын унаасын өзүнүн унаасына сүйрөтүп, атайын автоунааларды токтотуучу жайга алып барган. Ал жерде А. уулу Б. унаанын ачкычын тескөөчүгө бербей, анын мыйзамдуу талаптарына баш ийбестен каршылык көрсөткөн. Анын жүрүшүндө унаасынан алып чыккан бурама (отверка) менен тескөөчүнүн көкүрөгүнүн оң тарабына сайган. Андан кийин бураманы ыргытып жиберип, өзү качып жөнөгөн. Качкан айдоочуну башка кесиптештери жардамдашып кармашкан.

Жаракат алган тескөөчү Кызыл-Кыя шаарындагы аймактык ооруканасынын сыныктар бөлүмүнө жаткырылды. Тескөөчү Ө.Сапаровдун жаракатынын оор-жеңилин аныктоо боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

Кармалган айдоочу Кызыл-Кыя ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Анын унаасына текшерүү жүргүзүлүп, ичинен жыгач сабы бар ашкана бычагы табылган.

2019-жылдын 28-январында кармалган айдоочу жигиттин иши сотто кыскартылганы белгилүү болду.

Маалыматка караганда, ал 2018-жылдын 20-ноябрынан тарта камакка алынган болчу.

Жабырлануучу эмне дейт?

Жабыр тарткан инспектор Орунбай (аты өзгөртүлдү) айыпталуучу Бекзат (аты өзгөртүлдү) менен жарашкандыгын билдирип, аны айыптоодон баш тартты. Бул боюнча сотко тосмо арыз да жазып берип, ишти кыскартууну суранды.

Бекзат эмне дейт?

Бекзат инспектор менен жарашып алгандыгын айтып, кылган ишине өкүнө тургандыгын билдирди. Соттон анын жазык ишин кыскартууну суранды.

Прокурор менен жактоочу кандай пикирде?

Соттук отурумда мамлекеттик айыптоочу И.Насиров тосмо арыз менен таанышып чыгып, ага каршы эместигин билдирди. Бекзаттын жактоочусу Т.Атамбеков дагы ишти кыскартууну суранды.

Соттун чечими

Сот КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 341-беренеси (бийлик өкүлүнө карата зомбулук көрсөтүү) менен айыпталып жаткан Бекзат жабырлануучу Орунбай менен элдешип алгандыгына байланыштуу анын ишин кыскартууну чечти. Ал камактан сот залынан бошотулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«РСК Банк»
35.16% (238)
«Бакай Банк»
33.38% (226)
«Капитал Банк»
10.64% (72)
...
Всего голосов: 677
×