Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Баткен облусу, Исфана 21.11.2018 09:48

Исфанада 4 бөлмөлүү үй өрттөнүп, Балыкчыда кичи автобус толугу менен күйүп кетти

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 13 өрт кырсыгы катталды. Аларды өчүрүүгө 13 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 21-ноябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Баткендеги Исфана шаарынын Чымген айылындагы турак үйдүн 99 чарчы метр аянттагы төрт бөлмөсү өрттөнгөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, адамдар жабыркаган жок. Учурда өрттүн себеби такталып жатат.

Ошондой эле белгисиз себеп менен Ысык-Көлдүн Балыкчы шаарындагы Нарын көчөсүндө «Мерседес-Спринтер» үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйүп кетти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×