Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Баткен облусу, Баткен 20.11.2018 16:40

3 кыз, 1 уулдун атасы: Прокурор А.Мамажакыповдун өлүмүнө шектүү чиновниктин өмүр баяны

Turmush -  Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектелип кармалган адам Ош шаарындагы тергөө абагына камакка алынды. АКИpress агенттигине бүгүн, 20-ноябрда милициядан маалымдашкандай, Баткен шаардык соту шектүүнү 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Шектүү — 1978-жылы туулган М.К. Баткен шаарында туулган. Жогорку билимдүү, 2001-жылы Бишкек гуманитардык университетинде, 2004-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы башкаруу академиясында, 2006-жылы Ош мамлекеттик университетинде юриспруденция, политология, менеджмент багыты боюнча билим алган.

- 2001-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратында уюштуруу иштери боюнча бөлүмдүн жетектөөчү адиси;

- 2002-жылдан 2006-жылга чейин Баткен облусунун мамлекеттик администрациясынын аппаратында социалдык-маданий өнүгүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси, уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башкы адиси;

- 2006-жылдан 2008-жылга чейин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат иштери боюнча агенттигинин борбордук аймактык өкүлчүлүгүндө жетектөөчү адис;

- 2008-жылдын март айынан 2009-жылдын октябрь айына чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин этика жана регламент комитетинде консультант, бөлүм башчысынын орун басары;

- 2009-жылдын октябрь айынан 2010-жылдын май айына чейин Кыргыз Республикасынын президентинин катчылыгынын эксперти;

- 2010-жылдын августунан 2011-жылдын февраль айына чейин Кыргыз Республикасынын Жаштар иштери боюнча министрлигинин регионалдык жана социалдык саясат башкармалыгынын башчысы;

- 2011-жылдын февраль айынан баштап 2012-жылдын март айына чейин Жогорку Кеңештин Жаштар саясаты, дене тарбия жана спортту өнүктүрүү боюнча комитетинин бөлүм башчысы;

- 2012-жылдын март айынан 2015-жылдын декабрь айына чейин Жогорку Кеңештин аппаратынын экспертизалардын адистештирилген түрлөрү бөлүмүнүн эксперти;

- 2015-2016-жылдары Жогорку Кеңештин аппаратынын экспертизалардын адистештирилген түрлөрү бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

- 2016-жылдын май айынан тарта өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Турак жай жарандык курулуш департаментинин Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси болуп эмгектенип жаткан.

Ал үй-бүлөлүү, 3 кыз жана 1 уулдун атасы.

Шектүү

571845.bf0e078a4334dc7320ad4a8f4f347e5e

---------------------------------------------------------------------------------------

Анарбай Мамажакыпов ата-энесинин үйүндө — Оштун Чоң-Алай районундагы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн Чак айылында 19-ноябрда акыркы сапарга узатылды. Маркумдун денеси 18-ноябрга караган түнү Баткендеги Төрт-Күл суу сактагычы тараптан табылган. Анын артында 4 баласы калды.

1481467.1.1542516227

Анарбай Мамажакыповдун өмүр баяны жана эмгек жолу бул шилтемеде.

Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыпов (ак бут кийимчен) менен окуя болгон күнү аңчылыкка бирге чыккан кесиптештеринин сүрөтү социалдык түйүндөргө жарыяланды. Бул анын тирүү кезиндеги акыркы сүрөтү болушу мүмкүн.
Анарбай Мамажакыпов аңчылыкта

Буга чейин маркум прокурор кесиптештери менен бирге жайлоого эс алууга чыкканы тууралуу маалымат бар экенин Баткен ОИИБдин басма сөз катчысы Дамира Юсупова Turmush басылмасына билдирген болчу.

«17-ноябрь күнү саат 22:10 чамасында Баткен шаарынын Турдумаматов көчөсүнөн «Лексус 470» үлгүсүндөгү унаа табылган. Кароо жүргүзүлгөндө унаанын капталдарында кандын тактары байкалган.

Баткен ОИИБдин кызматкерлери түнү бою жүргүзгөн иликтөө иштеринин натыйжасында Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын батыш тарабындагы участкадан Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгү табылган. Бул жагдай боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иш козголду.

Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы кармалды. Азыркы учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал өзүнүн көрсөтмөлөрүн берип жатат (аңчылыкка бирге чыккан башка адамдар дагы суралып жатат)», - деген ал.

Мындан тышкары аңчылыкка А.Мамажакыпов менен кошо 6 кесиптеши жана Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы чыккандыгы айтылды. Унаанын ичинен 23 даана ок-дары табылган.

«2018-жылдын 17-ноябрында эртең менен кесиптештер Рават жайлоосуна эс алганы чыккан деген маалымат бар. Эс алуудан кайтканда саат 18:00 чамасында Баткен шаарындагы «Төрт-Гүл» кафесине кирип, чогуу чай ичишкен. Чайдан чыгып, прокурор менен Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы «Лексус 470» үлгүсүндөгү унаада чогуу кайтышкан. Унаада экөө эле болгон. Жалпы аңчылыкка прокуратуранын 6 кызматкери жана капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы болуп 2 унаа менен чыгышкан», - деген Юсупова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×