Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Баткен облусуБаткен району 20.11.2018 09:40

Баткенде көмүрдүн баасы кандай?

Turmush -  Баткенде көмүр отунун саткан 4 сатуучуга эскертүү берилди. Текшерүү иштери Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Баткен облустук бөлүмү тарабынан Баткен шаарында жана Баткен районунун аймагында жүргүзүлгөн, деп билдиришти аталган бөлүмдөн.

3

Текшерүү, түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө жалпы 6 сатуучу эскертүү алган. Маалым болгондой, буга чейин Баткен облусунун аймагындагы жетекчилерге көмүргө болгон баанын жогорулашын алдын алуу жана калкты арзан көмүр менен камсыз кылуу максатында кат жолдонгон болчу.

Бул жолу текшерүү иштери Баткен шаарынын Салихов көчөсүндөгү көмүр сатылуучу пунктта болуп, жүк ташуучу унааларда көмүр сатып жаткан сатуучулар менен жолугушушту.

«Аталган пунктта Сүлүктү көмүрүнүн БК түрүнүн тоннасы орточо эсеп менен 7750 сомдон болсо, БР үлгүсүндөгү көмүр 6600 сомдон, Самаркандек көмүрү (БК) 5000 сомдон сатылып жатканы аныкталып, бирок көлөмү жетиштүү — 9 «КамАЗда» көмүр отуну бар экенине комиссия мүчөлөрү күбө болушту. Ал эми “Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө” мыйзамдын талаптарын аткаруу боюнча 9-берененин 2-пунктунун талаптарын бузган 4 факты аныкталды. Башкача айтканда көмүрдүн баасы жөнүндө маалымат тийиштүү жерде керектөөчүлөргө карата маалымат иретинде илинген эмес. Жыйынтыгында 4 сатуучуга эскертүү берилип, мындан ары кайталанса мыйзам чегинде айып пул салынары эскертилди.

2

Негизинен түшүндүрүү иштери өз натыйжасын берди. Жыйынтыгында сатуучулар менен бир пикирге келип, көмүрдүн тоннасы 100 сомдон 200 сомго чейин арзандатылды. Тактап айтканда, БК түрүндөгү көмүр орточо эсеп менен 7650 сомдон (мурунку баасы 7750 сом), БР түрү 6400 сомдон (мурунку баасы 6600 сом) деп белгиленди.

Ошондой эле Баткен шаардык жана Сүлүктү шаардык мэриясы менен биргеликте Сүлүктү көмүрүн чыгарган мекемелердин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Жыйынтыгында бүгүнкү күндө Баткен шаарында Сүлүктү көмүрүнүн БР түрүнүн тоннасы 6000 сомдон, БК түрүнүн тоннасы 7300 сомдон Баткен шаардык мэриясынын стационардык көмүр сатылуучу жайында сатылып жатат.

1

Ушундай эле жумуш Баткен районунун аймагында Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын кызматкерлери жана райондук салык кызматынын өкүлдөрү менен биргеликте жүргүзүлдү. Негизинен райондогу жашоочулар көмүрдү Баткен шаарынан, Кара-Бак айылынын базарынан жана Самаркандек базарынан сатып алышат. Мониторингдин жүрүшүндө Сүлүктү көмүрүнүн БК түрүнүн тоннасы 7500 сомдон 8000 сомго чейин (орточо эсеп 7750 сом), БР түрү 6500 сомдон, Самаркандек көмүрүнүн БК түрү 5000 сомдон сатылып жатканы аныкталды. Көмүрдүн көлөмү жетиштүү өлчөмдө», - деп айтылат билдирүүдө.

Мындай иш-чаралар облустун башка район-шаарларында да уюштурулат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×