Бөлүмдөр
Жекшемби, 20-январь
Баткен облусуЛейлек району 19.11.2018 15:27 На русском

Лейлектеги депутаттын атылып өлтүрүлүшү: Кылмышка шектелгендер кармала элек

Turmush -  5-ноябрда Лейлек районунда далысына ок атылып, 17-ноябрда каза болгон депутат Кубанычбек Баяновдун өлүмүнө шектелгендер кармала элек. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз катчысы Дамира Юсупова билдирди.

Анын айтымында, депутаттын өлүмү боюнча тиешелүү беренелер менен кылмыш иш козголгон. Азыркы учурда бул факты боюнча Баткен ОИИБ жана Лейлек РИИБ тарабынан иликтөө иштери жүрүп жатат. Бирок депутатты аткан адам аныктала элек.

Окуя тууралуу:

Буга чейин 5-ноябрда Лейлек районунда жергиликтүү кеңештин 32 жаштагы депутатын атып кетишкени кабарланган.

Маалыматка караганда, Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңешинин 1986-жылы туулган депутаты Кубанычбек Баянов түнкү саат 23:00 менен 24:00дун ортосунда Арка-2 айылындагы үйүнүн алдынан атылган. Аны белгисиз адам артынан 1 жолу атып качып кеткен. Аны туугандары Тажикстандын Гафуров шаарындагы ооруканага жеткиришкен.

Лейлек РИИБ бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 28-97-беренеси менен кылмыш иш козгоп, тергөө амалдары жүргүзүлүп жаткан.

Милиция эмне деген?

7-ноябрда Баткен ОИИБдин башчысы Аскарбек Аширалиев Кубанычбек Баяновдун абалы орто деп бааланып жаткандыгын билдирген.

Анын маалыматы боюнча, депутатка кол салуу 5-ноябрда саат 23:20да болгон. Депутаттын далысына ок аткан белгисиз адамдар дароо качып кетүүгө жетишкен. Окуя болгон жерден гильза жана октор табылган. Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 28-97-беренеси (адамды өлтүрүү үчүн кол салуу) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Тажикстандагы дарыгерлер эмне деген?

Сentralasian.org. басылмасы 15-июнда Тажикстандын Гафуров районундагы ооруканага жеткирилген депутат Кубанычбек Баянов эсине келе электигин кабарлаган. Маалыматка караганда, дарыгерлер ага 14-ноябрда дагы бир операция жасашкан.

Депутаттын бир тууганы Гайратбек Баянов кылмышкерлер азырынча кармала электигин айткан.

«Мен окуя болгон жерде жок болчумун. Алар бир тууганым дарбазаны жаап жаткан учурда артынан келип атышыптыр. Аткандарды көргөн бир дагы күбө жок экен», - деген ал.

Кубанычбек Баяновду Кыргызстандын жакынкы Исфана шаарындагы ооруканасына жеткирүү үчүн 93 км аралык жүрүшү керек эле. Андыктан туугандары аны андан жакын Тажикстандагы ооруканага жеткиришкен.

Гафуров районунун ооруканасынын башкы дарыгеринин милдетин аткаруучу Жамшед Мирбегиев анын абалы оор болгондуктан аппараттын жардамы менен жасалма дем алдырылып жаткандыгын билдирген.

«Биз 2 операция жасадык. Анын өмүрүн сактап калуу үчүн бардык аракеттерди көрөбүз. Кечээ Худжандда адистерди чакыртып, консилиум (катуу ооруну аныктоо жана дарылоо жолдорун белгилөө үчүн дарыгерлердин кеңешмеси) өткөрдүк. Кубанычбек жашап кетет деп үмүт кылабыз», - деген дарыгер.

Депутат атылгандан кийин 12 күндөн соң каза болду

Кубанычбек Баяновдун жердештери ал 17-ноябрда каза болгонун билдиришкен.

Маалыматка караганда, депутаттын сөөгү ошол күнү айылына алынып келип, саат 17:00 чамасында жерге берилген. Анын артында жубайы, 1 уул, 1 кызы калды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×