Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 19.11.2018 08:07 На русском

Казакстандык аял өспүрүм уулун Кызыл-Кыядагы медресеге калтырып, өзү Россияга кеткен

Turmush -  Казакстандын жараны (аял киши) уулун Баткендин Кызыл-Кыя шаарындагы медресеге калтырып, өзү Россияга кетип калган. Ал эмгектенүү максатында кеткенин АКИpress агенттигине ИИМдин Өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын башчысы Азамат Абдрахманов билдирди.

Анын айтымында, 14 жаштагы өспүрүм бала тууралуу рейд учурунда маалым болгон.

«Ал (14 жаштагы бала) медреседен качып чыгып, кайыр сурап жүргөн. Чогултулган тиешелүү материалдар Казакстандагы атасына берилет», - деп кошумчалады А.Абдрахманов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×