Бөлүмдөр
Жума, 22-март
Баткен облусу, Баткен 18.11.2018 11:02 Жаңыланды: 18.11.2018 14:05 На русском

Фото — Баткен облусунун прокурорун өлтүрүүгө шектелип жетекчи кармалды

Turmush -  Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповду өлтүрүүгө шектелген адам кармалды.

ИИМдин басма сөз кызматы АКИpress агенттигине маалымдагандай, жакында эле прокурор менен кылмышка шектелген адамды чогуу көргөн күбөлөр болгон. Бирок анын унаасы башка жактан табылган.

Анарбай Мамажакыповду өлтүрүүгө шектелген адам мас абалында болгон. Азыр көрсөтмө берип жатат. Прокурорду окуя болгон жерге келген милициянын оперативдүү кызматкерлери таанышкан.

Өздүк булактардын маалыматына караганда, прокурорду өлтүрүүгө шектелип Баткен облусунун капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы кармалды.

Буга чейин Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болуп өлтүрүлгөн денеси Төрт-Гүл суу сактагычы тараптан табылганы маалымдалган.

Маалыматка караганда, 17-ноябрда жергиликтүү тургунга таандык «Лексус LX-407» унаасынан кандын тактары байкалган. Иликтөө иштери жүргүзүлүп, көп узабай эркек адамдын киши колдуу болуп өлтүрүлгөн денеси табылды.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бул фактыны тастыктап, прокурордун денесинде күч колдонуудан белгилер бар экенин билдирди. Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иш козголуп, учурда ыкчам тергөө иштери жүрүп жатат. Кылмышка шектелген адам кармалган.

А.Мамажакыпов Баткен облусунун прокурору болуп 2018-жылдын май айында дайындалган. Ага чейин Талас шаарынын прокурору болуп эмгектенген.

Анарбай Мамажакыпов

1481467.1.1542516227

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«РСК Банк»
35.16% (238)
«Бакай Банк»
33.38% (226)
«Капитал Банк»
10.64% (72)
...
Всего голосов: 677
×