Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Баткен облусуЛейлек району 17.11.2018 14:18

Үйүнүн жанынан атып кетишкен: 12 күн мурда Лейлекте атылган депутат өзүнө келбей каза болду

Turmush -  5-ноябрда Лейлек районунда далысына ок атылып, жарадар болгон депутат Кубанычбек Баянов бүгүн, 17-ноябрда каза болду. Бул тууралуу Turmush басылмасына анын жердештери билдиришти.

Маалыматка караганда, депутаттын сөөгү азыр Тажикстандагы ооруканадан алынып келе жатат. Анын сөөгү бүгүн саат 17:00 чамасында жерге берилет. Анын артында жубайы, 1 уул, 1 кызы калды.

Окуя тууралуу:

Буга чейин 5-ноябрда Лейлек районунда жергиликтүү кеңештин 32 жаштагы депутатын атып кетишкени кабарланган.

Маалыматка караганда, Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңешинин 1986-жылы туулган депутаты Кубанычбек Баянов түнкү саат 23:00 менен 24:00дун ортосунда Арка-2 айылындагы үйүнүн алдынан атылган. Аны белгисиз адам артынан 1 жолу атып качып кеткен. Аны туугандары Тажикстандын Гафуров шаарындагы ооруканага жеткиришкен.

Лейлек РИИБ бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 28-97-беренеси менен кылмыш иш козгоп, тергөө амалдары жүргүзүп жаткан.

Милиция эмне деген?

7-ноябрда Баткен ОИИБдин башчысы Аскарбек Аширалиев Кубанычбек Баяновдун абалы орто деп бааланып жаткандыгын билдирген.

Анын маалыматы боюнча, депутатка кол салуу 5-ноябрда саат 23:20да болгон. Депутаттын далысына ок аткан белгисиз адамдар дароо качып кетүүгө жетишкен. Окуя болгон жерден гильза жана октор табылган. Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 28-97-беренеси (адамды өлтүрүү үчүн кол салуу) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тиешелүү экспертизалар дайындалган. Тергөө иштери менен катар шектүүлөрдү кармоо аракеттери улантылып жаткан.

Тажикстандагы дарыгерлер эмне деген?

Сentralasian.org. басылмасы 15-июнда Тажикстандын Гафуров районундагы ооруканага жеткирилген депутат Кубанычбек Баянов эсине келе электигин кабарлаган.

Маалыматка караганда, дарыгерлер ага, 14-ноябрда дагы бир операция жасашкан.

Депутаттын бир тууганы Гайратбек Баянов кылмышкерлер азырынча кармала электигин айткан.

«Мен окуя болгон жерде жок болчумун. Алар бир тууганым дарбазаны жаап жатышкан учурда артынан келип атышыптыр. Аткандарды көргөн бир дагы күбө жок экен», - деген ал.

Кубанычбек Баяновду Кыргызстандын жакынкы Исфана шаарындагы ооруканасына жеткирүү үчүн 93 км аралык жүрүшү керек эле. Андыктан туугандары аны андан жакын Тажикстандагы ооруканага жеткиришкен.

Гафуров районунун ооруканасынын башкы дарыгеринин милдетин аткаруучу Жамшед Мирбегиев анын абалы оор болгондуктан аппараттын менен жасалма дем алдырылып жаткандыгын билдирген.

«Биз 2 операция жасадык. Анын өмүрүн сактап калуу үчүн бардык аракеттерди көрөбүз. Кечээ Худжандда адистерди чакыртып консилиум (катуу ооруну аныктоо жана дарылоо жолдорун белгилөө үчүн дарыгерлердин кеңешмеси) өткөрдүк. Кубанычбек жашап кетет деп үмүт кылабыз», - деген дарыгер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×