Бөлүмдөр
Жума, 22-март
Баткен облусуЛейлек району 15.11.2018 17:29 На русском

Лейлекте 10 күн мурда атылып, Тажикстандагы ооруканага жеткирилген депутат азыркыга чейин эсине келе элек

Turmush -  5-ноябрда Лейлек районунда далысына ок атылып, Тажикстандын Гафуров районундагы ооруканага жеткирилген депутат Кубанычбек Баянов азыр да эсине келе элек. Бул тууралуу centralasian.org. басылмасы маалымдады.

Маалыматка караганда, дарыгерлер ага кечээ, 14-ноябрда дагы бир операция жасашты.

Депутаттын бир тууганы Гайратбек Баяновдун айтымында, кылмышкерлер азырынча кармала элек.

«Мен окуя болгон жерде жок болчумун. Алар бир тууганым дарбазаны жаап жатышкан учурда артынан келип атышыптыр. Аткандарды көргөн бир дагы күбө жок экен», - деди ал.

Кубанычбек Баяновду Кыргызстандын жакынкы Исфана шаарындагы ооруканасына жеткирүү үчүн 93 км аралык жүрүшү керек эле. Андыктан туугандары аны андан жакын Тажикстандагы ооруканага жеткиришкен.

Гафуров районунун ооруканасынын башкы дарыгеринин милдетин аткаруучу Жамшед Мирбегиевдин айтымында, анын абалы оор бойдон калып жаткандыктан аппарат менен жасалма дем алдырылып жатат.

«Биз 2 операция жасадык. Анын өмүрүн сактап калуу үчүн бардык аракеттерди көрөбүз. Кечээ Худжандда адистерди чакыртып консилиум (катуу ооруну аныктоо жана дарылоо жолдорун белгилөө үчүн дарыгерлердин кеңешмеси) өткөрдүк. Кубанычбек жашап кетет деп үмүт кылабыз», - деди ал.

Окуя туралуу:

Буга чейин 5-ноябрда Лейлек районунда жергиликтүү кеңештин 32 жаштагы депутатын атып кетишкени кабарлаган.

Маалыматка караганда, Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңешинин 1986-жылы туулган депутаты Кубанычбек Баянов түнкү саат 23:00 менен 24:00дун ортосунда Арка-2 айылындагы үйүнүн алдынан атылган. Аны белгисиз адам артынан 1 жолу атып качып кеткен. Аны туугандары Тажикстандын Гафуров шаарындагы ооруканага жеткиришкен. Лейлек РИИБ бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 28-97-беренеси менен кылмыш иш козгоп, тергөө амалдары жүргүзүп жаткан.

Милиция эмне деген?

7-ноябрда Баткен ОИИБдин башчысы Аскарбек Аширалиев Кубанычбек Баяновдун абалы орто деп бааланып жаткандыгын билдирген.

Анын маалыматы боюнча, депутатка кол салуу 5-ноябрда саат 23:20да болгон. Депутаттын далысына ок аткан белгисиз адамдар дароо качып кетүүгө жетишкен. Окуя болгон жерден гильза жана октор табылган. КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 28-97-берене (адамды өлтүрүү үчүн кол салуу) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тиешелүү экспертизалар дайындалган. Тергөө иштери менен катар шектүүлөрдү кармоо аракеттери улантылып жаткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«РСК Банк»
35.16% (238)
«Бакай Банк»
33.38% (226)
«Капитал Банк»
10.64% (72)
...
Всего голосов: 677
×