Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Баткен облусуБаткен району 14.11.2018 13:43 Жаңыланды: 26.11.2018 08:31 На русском

Эгиздер: Бири-биринин ордуна сүрөткө түшүп, жигиттерди алдаган Батма менен Зуура (сүрөт)

Turmush -  Баткен районундагы Газ айылында төрөлгөн 24 жаштагы эгиздер Батма жана Зуура Абдыкалыковалар бир тондо жайгашкан. Алар алты бир туугандын экинчиси болуп төрөлгөн.

Кичинебизде жоош болгон экенбиз, бирок бизди багуу апама кыйын болгон дейт, Зуура.

«Төрөлгөнүбүздө кошумча тамакты Баткенден таба алышпай, Кокондон алып келишкен экен. Башка эгиздердей болуп бирибиз оорусак, экинчибиз кошо ооруган жокпуз. Окшош кийинип көчөгө чыксак көпчүлүк суроо менен тажатканынан, чоңойгон сайын окшош кийинбей калдык. Экөөбүз жоош болгонубуз менен ээрчишип алып, көп иштерди жасачубуз.

5 жашта болсок керек, апам таенемдин үйүнө Баткенге кеткен. Айыл менен шаардын аралыгы 40 километр болот. Биз да таенемдикине барабыз деп жетелешип алып, кетип бара жатканбыз. Жолдон тааныш эже көрүп калып, үйгө алып келген. Мүнөзүбүз да, табитибиз да окшош», - деди Зуура.

Батма менен Зуура кичинесинен эле сүрөт тартууга кызыгып, дизайнер кесибин тандашкан. Алар жогорку окуу жайдын жатаканасында да чогуу жашап, тайпалаш болушту.

«Таарынышып кеткен учурда аз эле убакыт сүйлөшбөй калчубуз. Бир жолу кышкыга сырткы кийим сатып алуу үчүн базарга бармай болдук. Үйдөн чыгып баратканда урушуп кетип, Зуура барбайм деп калып калды. Өзүм базарга барып, кайтып келгенде кайра урушканбыз. ”Сен барганда мындан да жакшысын алмакпыз” дедим. Бирок экөөбүз бириксек, башка эже-сиңдилерибизди жеңип коёбуз. Бирибиз ыйласак, сөзсүз экинчибиз да ыйлайбыз, жан тартып турабыз», - деди Батма Абдыкалыкова.

Эгиздер жогорку окуу жайдын жатаканасында чогуу жашап, кызыктуу учурларга туш болушкан.

«Жатаканалар аралык сынактар болгондо Зуура катышып калды. Сүрөткө түшүп, аны чоң баннерге чыгарышмак экен. Бирок Зуура сүрөткө түшкөнү барбайм дегенинен, мени сүрөткө тартышты. Ал сүрөттү башка кийим кийгизип монтаждап коюшкан. Эч ким байкаган эмес. Ал эми 3*4 өлчөмүндөгү сүрөт керек болсо, бирөөбүз эле түшсөк жетет. Үнүбүз да окшош болгондуктан, ага келген чалууларга жооп берчүмүн. Жигиттер менен да Зуура болуп сүйлөшүп, кийин өздөрүнө айтсам чалгандан да коркуп калышчу. Ошондой эле ата-энебиз телефон чалып калса бири-бирибиз үчүн сүйлөй беребиз», - деди Батма.

Учурда Зуура жолдошу менен Кара-Балта шаарында жашаса, Батма Баткен шаарында эмгектенип жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×