Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Баткен облусуБаткен району 12.11.2018 15:45 На русском

Баткенде 25 ашык адам жаракат алган унаа кырсык иликтенип жатат (фото)

Turmush -  Баткен районунун Ак-Татыр айылында 25 адам жабыр тарткан унаа кырсык боюнча козголгон кылмыш иш иликтенип жатат. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, ошол күнү болжол менен саат 13:30 чамасында Лейлек районунун 51 жаштагы тургуну К.Ниязмат «Мерседес-Бенц 313 Спринтер» унаасы менен Исфана багытын көздөй бара жатып, карама-каршы тилкеде келе жаткан «Мерседес-Бенц 412 Спринтер» унаасы менен кагышкан. Аталган унааны Чүй облусунун Сокулук районундагы Студенттер айылынын 37 жаштагы тургуну М.Жылдызбек башкарып бара жаткан. Кырсыктын кесепетинен «Мерседес-Бенц 313 Спринтер» унаасындагы жүргүнчүлөр, айдоочу жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, унаанын айдоочулары спирт ичимдигин ичишпегендиги аныкталган.

Соттук-автотехникалык экспертизанын корутундусуна ылайык, «Мерседес-Бенц 412 Спринтер» унаасынын айдоочусу М.Жылдызбек жол кыймылынын эрежелеринин 10.1 жана 11.1 пункттарындагы талаптарын сактабагандыгы үчүн жол кырсыгын жасагандыгы аныкталган. Ал эми экинчи унаанын айдоочусу К.Ниязмат жол кыймылынын эрежелеринин 10.1 пунктунун 2-бөлүмүнүн талаптарын сактоосу керектигин көрсөтүлүп, бирок анын унаасынын ылдамдыгын, 2 унаанын ортосундагы аралык жана убакыт тергөө же сот аркылуу чечиле турганы көрсөтүлгөн.

Бул окуя боюнча 10-октябрда «Мерседес-Бенц 412 Спринтердин» айдоочусу М.Жылдызбектин үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренеси Транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен кылмыш иш козголду. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Окуя тууралуу:

Буга чейин 17-октябрда Ош—Исфана унаа жолунун 284-чакырымында, тактап айтканда Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагында 2 кичи автобус кагышканы кабарланган.

Аймактык кабарчыга маалым болгондой, кырсык жүргүнчүлөрдү ташыган «Мерседес-Бенц Спринтер» (мамлекеттик номуру 03KG 455 ААJ) менен «Мерседес-Бенц Спринтер» (мамлекеттик номуру S 96 98 АS) үлгүсүндөгү кичи автобустардын катышуусунда болгон. Окуя болгон жерге куткаруучулар барып, рулга кысылып калган адамдын (аты-жөнү такталууда) жансыз денесин чыгарышкан.

Болжолдуу маалымат боюнча, кырсыктын кесепетинен 3 адам оор, 20дан ашык жүргүнчү жеңил жаракат алган. Жабырлануучулар Баткен облустук тез жардам кызматына өткөрүлүп берилген болчу.

Кийинчерээк маалым болгондой, Баткен облустук ооруканасына 22 адам жаткырылды. Алардын бешөө оор абалда жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Ал эми 2 адамга амбулатордук жардам көрсөтүлдү.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев жабырлануучулардан кабар алган. Ал тийиштүү жетекчилер менен чукул жыйын өткөрүп, жарандардын саламаттыгын калыбына келтирүү үчүн зарыл болгон бардык чараларды ыкчам көрүү боюнча тапшырма берген.

Ошондой эле жол кырсыгынын себептерин дыкат иликтөө менен мындай оор кырсыктардын алдын алуу боюнча иш алып барууну жол коопсуздугун көзөмөлдөгөн мекемелерге тапшырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×