Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Баткен облусу, Кызыл-Кыя 12.11.2018 11:53 На русском

Сасык жытынан көңүл айланат: Кызыл-Кыяда иштөөгө тыюу салынган жертөлөдө самса даярдалып жатат (видео)

Turmush -  Кызыл-Кыя шаарынын 1-кичи районунун 21 үйүнүн жертөлөсүндө тыюу салынганына карабай самса жасоочу жай иштеп жатат. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Маалыматка караганда, бул жайдын шарты санитардык талапка жооп бербейт.

«Бул жертөлөнү самса даярдоочу жана ун сактоочу жайга айландырып алышкан. Бул жер ным, пияз жана эт жыттанып, кишинин көңүлүн айландырат. Мындай шартта жасалган самсаны жеген адамдардын ден соолугун ойлогон киши жок. Бул үйдө жалпы 40 жашоочу болсо алардын 30га жакыны былтыр санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл башкармалыгына кайрылган. Алар «бул жерде мындай жумуш жасоого мүмкүн эмес» деп тыянак чыгарышкан. Бирок бүгүнкү күнгө чейин кайра эле өз билгендерин жасап жатышат. Бул жай санитардык жактан эле эмес, сейсмологиялык жактан да талапка жооп бербегендиктен архитектурага да кайрылганбыз. РЭСке да оозеки айтканбыз. Канча жолу айтпайлы көзөмөлдөгөн киши жок. Булар болсо жертөлөдө самса жасап, сыртка чыгып бышырып жатышат. Тиешелүү жетекчилик бул маселени колго алып, элдин көйгөйүн чечип койсо болмок», - дейт аталган үйдүн тургуну Алтын Каюмов.

Кызыл-Кыя шаардык ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун санитардык бөлүмүнүн башчысы Сулайманбек Сранов былтыр аталган жайда иштөөгө тыюу салынган чечим чыкканын айтты.

«2017-жылы жашоочулардын арызынын негизинде ал жерде пландан сырткары текшерүү жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында ал жерде самса даярдап иштөөгө мүмкүн эместиги айтылып, атайын токтом чыгып, жабылган болчу. Азыр дагы пландан сырткары текшерүү жүргүзүп, көзөмөлгө алабыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×