Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Баткен облусу, Кадамжай 12.11.2018 11:25 Жаңыланды: 12.11.2018 11:48 На русском

Кадамжайлык Каныбек сууга агып бараткан кишини куткарып калды

Turmush -  Кадамжай шаарынын Пүлгөн айылында Нургазиев каналындагы сууга агып бара жаткан киши куткарылды. Бул тууралуу Кадамжай шаарынын тургуну Жеңиш Жанеков кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, сууга агып бара жаткан кишини кесиптеши куткарып калган.

«Кесиптешим Каныбек Маманов 45 жаштар чамасындагы кишини сууда агып бара жаткан жеринен куткарып калды. Учурда алардын абалы жакшы», - деди Ж.Жанеков.

Ал эми 35 жаштагы Каныбек Мамановдун айтымында, окуя кечээ, 11-ноябрь күнү саат 16:00 чамасында болгон.

Каныбек «Менин үйүмдүн алдынан Нургазиев каналынан суу агат. Сыртка чыксам кошуналарым ызы-чуу болуп калышыптыр. Дароо унаамды айдап, каналды бойлоп жөнөдүм. Каналдын орто ченинде туннель бар болчу, мен туннелдин экинчи тарабынан күтүп турдум. Акыры сууга аккан кишини куткарып чыктым. Кошуналарым да жардам беришти.

Каналдын тереңдиги 4 метр болчу. Учурда суу кичине тартылып, каналдын жарымынан агып жатат.

Алгач суудан алып чыккан адамды каза болуп калды деп ойлодум. Ошого карабай биринчи жардам көрсөттүм. Ал акырында эс-учуна келип, аман алып калдык. Мен суу болуп калган үчүн дароо үйүмө кеттим. Ал эми ал адамды Кадамжай аймактык ооруканасына алып кетишкен. Учурда туугандары жакшы болуп калганын айтып, ыраазычылыгын билдирүүдө», - деди К.Маманов.

Сүрөттө: Каныбек Маманов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×