Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Баткен облусуКадамжай району 07.11.2018 13:30 Жаңыланды: 12.11.2018 09:21

7 жылдан бери дайынсыз Талант Мырзакматовду апасы Россияда издеп жүрөт (сүрөт)

Turmush -  Кадамжай районундагы Кызыл-Булак айылынын тургуну Матмуса Мырзакматов 1984-жылы туулган уулун 8 жылдан бери издеп келет. Уулу Талант Мырзакматов 2011-жылы Россиянын Москва шаарына кеткен бойдон дайынсыз.

Талант Мырзакматов

 Талант Мырзакматов

Таланттын 59 жаштагы апасы Сайлихан Мырзакматова учурда Москва шаарында баласын издеп жүргөнү маалым болду. Буга чейин жубайлар милиция кызматкерлерине кайрылып, бирок жыйынтык чыккан эмес.

Уулун жоготкон Матмуса Мырзакматов Turmush басылмасынын кабарчысына өз алдынча жүргүзүшкөн издөө иштери тууралуу айтып беришти.

«2011-жылы бир тууган карындашымдын балдары менин баламды ордуна иштеп турууга чакырышкан. Алар Кыргызстанга туугандарынын тоюна келишкен эле. Балам ошол жээндеримдин ордунда иштеп туруу үчүн кеткен болчу. Ал жакта 1 жыл эмгектенип, 2012-жылы май айында байланышкан бойдон дайынсыз болуп жатат. Телефондору да өчүк», - деди М.Мырзакматов.

Матмуса Мырзакматов

Матмуса Мырзакматов

Ал уулу жашаган даректи да билген эмес.

«Мен жээндеримден баламдын кайда экенин сурап, айттыра албай койдум. Айла жок милицияга кайрылып, алар аркылуу Москвадагы даректерин алдым.

Уулум жоголуп кете турган бала эмес болчу. Өзүнө тың эле. Милицияга, «Издейм сени» программаларына чейин кайрылганбыз, бирок ушул күнгө чейин бир жыйынтык болгон жок. Азыр байбичем кой десем болбой, өзү жалгыз Москвага издеп кетти. 2018-жылы август айында кеткен бойдон сүрүштүрүп издеп жүрөт», - деди М.Мырзакматов.

Таланттын бир тууган иниси Арап Матмусаев да агасынын жоголушуна белгисиз себептер бар деген оюн айтты.

«Байкем жоголуп кете турган бала эмес эле. Буга чейин дагы Россиянын көп шаарларында иштеп жүргөн.

Байкем өтө чоң уста болчу. Азыр апам байкемди Россияга чакырган адамдардын үстүнөн арыз жазып, агамды өзү жалгыз издеп жүрөт. Байкем акыркы жолу 2011-жылы 21-майда Москвадагы классташтары менен “10 жылдыкты белгилейбиз” деп чыгып кеткенин угуп жатабыз. Бирок классташтарынын айтымында алар менен чогуу отуруп, чогуу кайткан экен. Кайсы жерден кантип жоголгону 7 жылдан бери белгисиз», - деди Арап Матмусаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×