Бөлүмдөр
Шаршемби, 14-ноябрь
Баткен облусуЛейлек району 06.11.2018 11:34 На русском

Лейлек районунда 32 жаштагы депутатты атып кетишти

Turmush -  Кечээ, 5-ноябрда Лейлек районунда 32 жаштагы депутатты атып кетишти. Бул тууралуу Turmush басылмасына өздүк булактар билдиришти.

Маалыматка караганда, Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн жергиликтүү кеңешинин 1986-жылы туулган депутаты Б.К. түнкү саат 23:00 менен 24:00дун ортосунда Арка-2 айылындагы үйүнүн алдынан атылган. Аны белгисиз адам артынан 1 жолу атып качып кеткен. Аны туугандары Тажикстандын Гафуров шаарындагы ооруканага жеткиришти.

Лейлек РИИБ бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 28-97-беренеси менен кылмыш иш козгоп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×