Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-ноябрь
Баткен облусу, Баткен 05.11.2018 17:30

Өзбекстанда соодагерлердин, жарандардын кыргыз-өзбек чек арасынан ыкчам өтүшү боюнча маселе талкууланды

Turmush -  Кечээ, 4-ноябрда Баткен облусундагы чиновниктер Өзбекстандын Фергана облусунда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтык маселеси талкууланды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы кабарлады.

Маалыматка караганда, эки тараптын чек ара жетекчиликтери тарабынан негизинен Вадил-Сох, Вадил-Шахимардан өткөрмө пункттарынан эки өлкөнүн жарандарын ыкчам түрдө өткөрүү маселеси жөнүндө сөз болуп, мамлекеттик чек арада жайгашкан аймактардагы маселелерди эки тарап жергиликтүү деңгээлде чечиши керектиги айтылды. Себеби Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак, Марказ айылдарында каналдарды тазалоо учурунда техникаларды алып өтүү кыйынчылык жаратып келген. Ошондой эле кээ бир кыргыз каналдары Өзбекстан аркылуу, ал эми Өзбекстандын кээ бир каналдары Кыргызстан аркылуу өткөндүктөн ушу сыяктуу маселелер эки тараптан тең жаралып келчү. Чек арадан соодагерлердин айыл чарба продукцияларын алып өтүшүндө көпкө кармабай аларга шарт түзүү жактары айтылды.

Кыргыз-өзбек милициясы коомдук тартипти камсыздоодо биргелешип иштешүүсүн күчөтүү маселесине да токтолушту. Жолугушуунун жыйынтыгында айтылган бир топ маселелер боюнча атайын протокол түзүлүп, кол коюлду.

Жолугушууга Баткен облусунун жетекчисинин биринчи орун басары Алишер Орозбаев, Баткен, Кадамжай райондорунун акимдери, Кызыл-Кыя шаарынын мэри баштаган чиновниктер, күч органдарынын жетекчилери катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×