Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Баткен облусуБаткен району 05.11.2018 15:32

Баткен районунда маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

Turmush -  Бүгүн, 4-ноябрда Баткен районунда маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы салтанаттуу белгиленди.

Иш-чарага Баткен районунун акиминин орун басары Кишимжан Кыдырова катышып, аларды кесиптик майрамдары менен куттуктады. Ошондой эле бир катар кызматкерлер Баткен районунун акимчилигинин ардак грамоталары менен сыйланды. Баткен облустук китепканасынын директору Т.Пирматова маданият бөлүмүнө Р.Абдыкадыров жөнүндөгү китептерди белекке берди.

Майрамдык салтанат концерттик программа менен коштолуп, маданияттын кызматкерлерине сый тамак уюштурулду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×