Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Баткен облусуБаткен району 03.11.2018 12:15

Эл ичи — өнөр кенчи: Баткендик Т.Мирсалиев Ч.Айтматовдун чыгармаларын айнек таштар менен сүрөт кылып тартып чыкты (фото)

Turmush -  Баткен районунун Сай айылынын 29 жаштагы тургуну Токторали Мирсалив айнек таштар менен Чыңгыз Айтматовдун «Эрте келген турналар», «Ак кеме», «Делбирим», «Гүлсарат», «Саманчынын жолу», «Биринчи мугалим», «Жамийла» чыгармаларынын чагылдырган сүрөттөрүн тартты. Аймактык кабарчы сүрөтчү менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, бул сүрөттөрүн Ош шаарында өтүп жаткан Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесиндеги сүрөт көргөзмөгө алып келди.

«Кичинемден эле сүрөткө кызыгып тартып келем. Ошко окууга келгенде, сүрөтчү агайларга шакирт болуп, сүрөт тартуунун эрежелерин, техникаларын үйрөнгөм. Учурда архитектор болуп иштейм. Бул таш менен тартылган сүрөттөр залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналып тартылды. Таш менен сүрөт тартуу идеясы 4 жыл мурун келген. Ошол убактан бери бош убактарымда смальта ташын (айнек таш) майдалап, чоң кичинесин бөлүштүрүп даярдап жүргөм. Сүрөттөр негизинен 2 жуманын аралыгында тартылып бүттү», - деди Мирсалив.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×