Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Баткен облусу, Сүлүктү 02.11.2018 14:54

Сүлүктү шаарында 400 миң сомго сел аккан арыктар бекемделип жатат (фото)

Turmush -  Сүлүктү шаарынын Бакыбеков, Тургун Ибрагимов көчөлөрүнүн жээгиндеги сел кетүүчү арыктар бекемделип жатат. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.

Маалыматка караганда, буга чейинки сел алган жер жолго жакындап, тротуарларды бузуп салган. Анын кесепетинен окуучулар мектепке бара албай калган учурлар катталган. Жумуш октябрь айынын аягында башталган болчу. Учурда жумуш кызуу жүрүп жатат. Арыктарды бекемдөөгө жергиликтүү бюджеттен 308 миң сом, мекеме-ишканалардан 100 миң сом бөлүнүп, техника жагынан да жардам көрсөтүлдү. ӨКМ 56 тонна цемент, 1 тонна 800 кг арматура берген.

Жумуштарды 10-ноябрда бүтүрүү пландалууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×