Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Баткен облусуКадамжай району 02.11.2018 13:52 На русском

Кадамжайдын Чаувай айылындагы оорукана оңдолуп, пайдаланууга берилди (фото)

Turmush -  Бүгүн, 2-ноябрда Кадамжай районунун Чаувай айылында үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун оңдоодон өткөн имараты колдонууга берилди. Бул тууралуу акимчиликтен кабарлашты.

Маалым болгондой, 1976-жылы курулган имаратты капиталдык оңдоп-түздөө иштерине 800 миң сом жумшалган. Аталган мекеме 2 миңден ашуун адамды тейлейт. Ичинде бардык шарттар каралган.

Иш-чарага райондун акими Жаныбек Исаков баш болгон чиновниктер, медицина кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×