Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Баткен облусу, Баткен 02.11.2018 11:58

Баткенде «Ч.Айтматовдун ааламы» сынагы өттү

Turmush -  Кечээ, 1-ноябрда Баткен облусунда «Ч.Айтматовдун ааламы» аталышындагы сынак өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Ага облустун ар аймагынан келген элдик таланттар катышты. Анда Ч.Айтматовдун чыгармаларынан театрлаштырып көрсөтүү, көркөм окуу жана башка номинациялар боюнча сынактар өткөрүлдү.

Жыйынтык:

- 1-орун — Баткен районунун элдик таланттары ( 3500 сом сыйлык, диплом);

- 2-орун — Кадамжай району;

- 3-орун — Сүлүктү шаары.

Жеңүүчүлөргө жана катышуучуларга облус жетекчилигинин акчалай сыйлыктары тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×