Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Баткен облусуБаткен району 01.11.2018 19:40

Баткен—Бужум—Исфара унаа жолунун 1 км тилкесине асфальт төшөлүп жатат (фото)

Turmush -  Баткен—Бужум—Исфара унаа жолунун 1 чакырым аралыгына асфальт төшөлүп жатат. Бул тууралуу Баткен облустук жол башкармалыгынын башкы инженери Ырысбай Жалилов билдирди.

Анын айтымында, жолго 5 млн сом каралган.

«Жолду оңдоо иштери бир нече күн мурда башталган. Баткен—Бужум—Исфара жолунун 1 чакырымына асфальт төшөлүп жатат. Ага 5 млн сом каралып, 10 күн аралыгында аяктайт. 39 киши иштеп жатат. Бул жол аякташы менен Таян участкасына өтөбүз. Андан сырткары Кызыл-Жол Баткен жолундагы 800 метр аралыкка асфальт төшөө башталат. Ага 5 млн 200 миң сом каралган. Шагылды Зарташ айылынан ташып жатабыз. Баткен—Кара-Токой жолуна кара шагыл төшөлдү. Ага 1 млн 500 миң сом каралган», - деди Жалилов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×