Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Баткен облусуБаткен району 01.11.2018 17:50

Тажикстан менен чектешкен Миң-Өрүк айылына 10 млн сомго таза суу тартылды

Turmush -  Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен Миң-Өрүк айылындагы 150 кожолук таза суу менен камсыз болушту. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

«Мен бул жакка көчүп келгенден бери таза сууну кошуна айылдардан ташып келчүмүн же арыктагы аккан сууну колдонуп келгем. Аккан сууну да кошуна өлкөнүн айылдары менен талашып, чыр-чатактар болуп турчу. Анткени Тажикстандын Сурх айылы менен чектешип турабыз. Эми таза суу келип, алыс барбай ар ким өз көчөсүндөгү суу түтүгүнөн суу ичип калды», - деди Миң-Өрүк айылынын тургуну Бүүмайрам Шергазиева.

Таза суу тартуу үчүн өкмөттөн жалпы 10,5 млн сом каралган.

«7,5 чакырымдан суу алынып, 100 куб суу сактоочу кампа да курулду. Өкмөттөн 10 млн сомдон ашык акча кетти. Эми элибиз 100% таза суу менен камсыз болушат. Жумушту «Кадамжай шахта» акционердик коому аткарып, санитардык абал эске алынган. Жумуш өткөн жылы башталып, суу 1 ай мурда берилди», - деди Миң-Өрүк айылынын башчысы Абдиллахат Тагаев.

Миң-Өрүк айылы райондун борборунан 25 чакырым, Самаркандек айыл өкмөтүнөн 37 чакырым алыста жайгашкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×