Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Баткен облусу, Баткен 01.11.2018 11:34

Кылыч белек кылды: Баткендеги милиционерлерди чет өлкөлүк кесиптештери куттуктап келишти (видео)

Turmush -  Бүгүн, 1-ноябрда Баткен ОИИБдин кызматкерлери кыргыз милициясынын 94 жылдыгын салтанаттуу түрдө белгилешти. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Иш-чарада алгач облустук ички иштер башкармалыгынын ишин чагылдырган атайын тасма көрсөтүлдү. Милициянын 94 жылдыгы менен куттуктап, кошуна Өзбекстан жана Тажикстандан да коноктор келишкен. Ошондой эле өз милдетин так аткарган бир топ кызматкерлерге ардак грамота, «Баткен облусунун 15 жылдыгы» ордендери тапшырылды.

Тажикстандын Согди облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Назаров Кудратилло Баткен ОИИБдин башчысы Аскарбек Аширалиевге кылыч жана башка баалуу белектерди тапшырды.

«Баткен облусу менен Согди облусу чектеш жайгашып, ар кандай кылмыштарды алдын алууда жана кылмышкерлерди кармоодо кыргыз милициясы менен тыгыз байланышта иш алып барабыз. Бүгүн биз тажик милициясы менен кылмыштуулук менен күрөшүүдө тыгыз кызматташкан кыргыз милициясынын айрым кызматкерлерине кызматташтык медалын алып келдик. Баарыңыздарды бүгүнкү майрамыңыздар менен куттуктайм», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×