Бөлүмдөр
Жума, 16-ноябрь
Баткен облусуКадамжай району 31.10.2018 17:40 На русском

Кадамжайда 2 адам мушташып, бирөө ооруканада каза болду

Turmush -  25-октябрдан 26-октябрга караган түнү Кадамжай шаарында 2 адам мушташып, бирөөсү мерт болду. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 35 жаштагы С.У. менен 37 жаштагы М.Б. көчөдө мушташып кеткен. Соккудан улам С.У. жерге башы менен катуу жыгылып, Кадамжай районунун ооруканасына жеткирилген. Ал жандандыруу бөлүмүндө 1 күн жатып, 26-октябрда каза болду.

«Бул туурасында бизге ооруканадан кабар келип түшкөн. Аталган жагдай боюнча ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп, Кадамжай районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кылмышка шектелип Ош облусундагы Араван районунун 37 жаштагы М.Б. аттуу тургуну изи сууй электе кармалган. Учурда КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (денеге атайлап залал келтирүү) менен кылмыш иш козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бүгүнкү күндө тергөө амалдары жүрүп жатат», - деп айтылат маалыматта.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×